# 38-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 38-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-38

---

Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жүргүзүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Кодекске ылайык берилген сууну пайдаланууга бардык уруксаттардын так мазмунун;

2) жаңы уруксаттарга же колдонуудагы уруксаттарды өзгөртүүгө берилген бардык өтүнмөлөрдүн так мазмунун;

3) уруксат ээси тарабынан уруксаттын шарттарына ылайык суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мониторинг жүргүзүү боюнча жиберилүүчү кандай болбосун маалыматтарды;

4) эгерде сууну пайдаланууга уруксат ээси суу берүүчү болуп саналса, уруксатка тиешелүү суу берүүгө бардык келишимдердин так мазмунун;

5) суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксаттарга карата салынган бардык санкциялардын жана айыптардын так мазмунун.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-39)
