# 37-берене. Сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик төлөм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 37-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-37

---

1. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, узартуу жана каттоо үчүн административдик төлөм суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.

2. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, узартуу жана каттоо үчүн административдик төлөмдүн өлчөмү суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тийиштүү өтүнмөлөрдү кароого жооптуу башка мамлекеттик органдардын, аларды жарыялоо боюнча негиздүү чыгымдарды кошо алганда, иш жүзүндөгү административдик жана башка чыгымдарын эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-38)
