# 36-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 36-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-36

---

1. Сууну пайдаланууга уруксат ээси жана сууну пайдаланууга атайын уруксаттын ээси сугатка же гидроэлектр станцияларын курууга тиешелүү уруксаттарды кошпогондо, уруксатты башка адамга өткөрүп бере алышат.

2. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ушул беренеде белгиленген шарттарда жана тартипте гана өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Жер участогун сатып жаткан же уруксат ага тиешелүү болгон жерге карата өзүнүн кызыкчылыктарын башкача тескеген, сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ээси суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уруксаттан баш тартуу бере алат же болбосо аны жаңы ээсине же жерди пайдалануучуга өткөрүп бере алат.

4. Эгерде жаңы ээси же пайдалануучу бүтүм түзүлгөндөн кийин 2 айдын ичинде уруксатты суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттатса, өткөрүп берилген уруксат жарактуу деп эсептелет.

5. Уруксат ээси каза болгон же ишин токтоткон учурда, анын мураскери же укук улантуучусу сууга укук ага өткөрүлүп берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде сууну пайдаланууга уруксатты суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттатууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-37)
