# 33-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты убактылуу токтотуп туруу жана өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 33-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-33

---

Сууну пайдаланууга уруксат жана сууну пайдаланууга атайын уруксат суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй жагдайларда убактылуу токтотулуп турушу жана/же өзгөртүлүшү мүмкүн:

1) кургакчылык мезгилинде же суу азайганда;

2) уруксат ээси уруксаттын шарттарын бузган учурда;

3) уруксат ээсинин өтүнүчү боюнча;

4) "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө экологиялык абал же экологиялык кырсык жарыяланган учурда.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-34)
