# 29-берене. Суу пайдалануу боюнча артыкчылыктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 29-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-29

---

Сууну пайдалануунун максаттары үчүн артыкчылыктардын негизделген тартибин белгилөөчү бассейндик план жактырылганга чейин сууларды, анын ичинде жер астындагы сууларды бөлүштүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлөт:

1) сууну ичүү жана чарбалык-тиричилик муктаждыктар үчүн пайдалануу;

2) сууну сугат жана малды сугаруу максаттарына пайдалануу;

3) сууну электр энергиясын, анын ичинде кайра жаралуучу электр энергиясын иштеп чыгаруу максаттарына пайдалануу;

4) сууну өнөр жай, анын ичинде тоо-кен жана агрардык өнөр жай үчүн пайдалануу;

5) сууну балык уулоо жана балык өстүрүү максаттарына пайдалануу;

6) сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;

7) сууну башка максаттарга пайдалануу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-30)
