# 27-берене. Суу ресурстарын сууну пайдаланууга уруксатсыз колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 27-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-27

---

1. Жер үстүндөгү суу ресурстары сууну пайдаланууга уруксатсыз төмөнкүдөй максаттарга колдонулушу мүмкүн:

1) курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон ичүүчү жана чарбалык-тиричилик жактан суу менен камсыз кылуу, малды сугаруу жана башка жекече керектөөлөр;

2) курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон короо-жай жана дача участокторун сугаруу;

3) ирригация;

4) сууну багыты боюнча пайдалануу үчүн ведомстволук, коммуналдык, сугат жана башка суу чарба тутумдарынан алууну жүзөгө ашыруу;

5) рекреация;

6) өрткө каршы муктаждыктар;

7) суу объектисин анын мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн спорттук максаттар үчүн пайдалануу.

2. Кургакчылык, суу жетишсиз учурларда, суунун сапаты начар болгондо, радиация жана оорулар жайылганда же ал үчүн тобокелдик жаралганда, ошондой эле сууну пайдалануу боюнча белгиленген талаптар бузулганда суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында же бардык аймагында сууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-3 жана 6-пункттарында аныкталган максаттарга пайдаланууну чектөөсү же тыюу салуусу мүмкүн.

3. Суу объектилерин археология эстеликтерине, анын ичинде суу астындагы чалгындоолорду, казууларды жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында пайдалануу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-28)
