# 23-берене. Мамлекеттик суу чарба программалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 23-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-23

---

1. Мамлекеттик суу чарба программасы төмөнкүлөрдү куруу, реабилитациялоо жана модернизациялоо жөнүндө маалыматты камтыйт:

1) ар бир бассейндик планды комплекстүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү көлөмдөрдө мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды;

2) гидроэлектр станцияларын;

3) шаарларды жана райондук борборлорду суу менен коммуналдык камсыздоо жана сууларды буруп агызуу тутумдарын;

4) айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо жана сууларды буруп агызуу тутумдарын;

5) саркынды сууларды тазалоо боюнча түзүлүштөрдү.

2. Министрлер Кабинети мамлекеттик суу чарба программасын 5 жылда кеминде бир жолу кайра карайт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-24)
