# 21-берене. Суу ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 21-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-21

---

1. Төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды чогултууда, талдоодо, берүүдө жана аларга мониторинг жүргүзүүдө Министрлер Кабинети суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарынын санына, сапатына жана пайдаланылышына;

2) суулардын сапат стандарттарына ылайык келишине;

3) мүмкүн болуучу суу ташкындарына, селдерге жана кургакчылыкка;

4) суу экотутумдарынын абалына;

5) суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү атмосфералык мүнөздөмөлөргө.

2. Министрлер Кабинети Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча төмөнкүдөй жоболорду бекитет:

1) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жол-жоболору, стандарттары жана методдору жөнүндө;

2) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү маалыматтардын мезгилдүүлүгү жана курамы жөнүндө.

3. Мониторинг жүргүзүү боюнча ушул беренеге ылайык чогултулган маалымат мамлекеттик суу кадастрынын бөлүгү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-22)
