# 20-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 20-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-20

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) бассейндик кеңештин ишине катышуу;

2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык суу фондунун жерлерин берүү;

3) санитардык коргоо зоналарын бекитүү;

4) сууну коргоо зоналарынын жана тилкелеринин режимин сактоону камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурууга контроль жүргүзүү;

5) суу ташкындарына жана селге дуушар болгон аймактарда ишти жөнгө салуу жана жумуштарды аткаруу боюнча ченемдик актыларды кабыл алуу.

2. Ушул Кодексте аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органын Министрлер Кабинети аныктайт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-21)
