# 19-берене. Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 19-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-19

---

Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу фондун жана ирригациялык фондду пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырат. Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын сактоосу боюнча ишине текшерүү жүргүзүү;

2) юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу;

3) Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандарга карата сотко доо менен кайрылуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-20)
