19-берене. Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу фондун жана ирригациялык фондду пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырат. Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын сактоосу боюнча ишине текшерүү жүргүзүү;
2) юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу;
3) Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандарга карата сотко доо менен кайрылуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029009/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>