# 17-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2026 года № 107 "О внесении изменений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009#diff=34157..55960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 17-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-17

---

Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

2) суу ташкындары, сел жана кургакчылык жөнүндө маалыматтардын улуттук тутумун түзүү боюнча сунуштарды макулдашуу;

3) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте суу ташкындары жана сел жүрүү учурларына карата пландарды даярдоо жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;

4) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, ондоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-18)
