# 15-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 15-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-15

---

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

2) ушул Кодекстин 49-беренесине ылайык иштелип чыгуучу суулардын классификациясын макулдашуу жана суу объектилери боюнча бул суулардын стандарттарын бекитүү;

3) булгоочу заттарды жана калдыктарды суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугат, чыпкалоо жана буулануу талааларына, жердин рельефине таштоого уруксаттарды макулдашуу;

4) жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун санитардык ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу;

5) Евразия экономикалык бирлигинин жана башка эл аралык келишимдердин алкагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы маселелерине тиешелүү талаптарды аткаруу;

6) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-16)
