# 14-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 14-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-14

---

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

2) мамлекеттик мониторинг жүргүзүүгө катышуу;

3) суу объектилериндеги суулардын классификациясын жана алардын стандарттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышуу;

4) суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлеринин булгануусун, соолуп калуусун болтурбоо жана жоюу, аларды сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча чараларды көрүү;

5) суу объектилерине таштоого тыюу салынган коркунучтуу заттардын тизмегин даярдоо жана Министрлер Кабинетине берүү;

6) булгоочу заттарды таштоого уруксаттарды берүү, токтотуп туруу, жокко чыгаруу же өзгөртүү;

7) булгоочу заттарды таштоого уруксаттарды каттоону жүргүзүү;

8) сууларды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;

9) суу ресурстарынын булганышына, тазалоочу курулмалардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

10) айлана-чөйрөгө, анын ичинде суу объектилерине саркынды суулардын агызылышын жөнгө салуу жана контролдоо;

11) суу объектилерине таасир этүү менен байланышкан чарбалык же башка ишке экологиялык талаптарды белгилөө;

12) айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды таштоо үчүн төлөмдүн ченемдерин жөнгө салуу жана контролдоо;

13) тазаланбаган саркынды сууларды агызууда суу ресурстарына келтирилген зыянды аныктоонун методикасын иштеп чыгуу;

14) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген тартипке ылайык долбоордук жана башка документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү;

15) минималдуу экологиялык агымды белгилөө боюнча сунуштарды макулдашуу;

16) дарыялар түптөлгөн тоолуу аймактарды агым түптөлгөн зоналар деп жарыялоо боюнча сунуштарды макулдашуу;

17) климаттын жана климаттык профилдин өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча стратегияны 5 жылда кеминде бир жолу иштеп чыгуу жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;

18) ыйгарым укуктуу мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл органынын ишин жетектөө.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-15)
