# 13-берене. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 13-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-13

---

Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды жана башка суу чарба ишин башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) ирригация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;

2) ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, оңдоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу;

3) мамлекеттер аралык маанидеги суу чарба курулмаларын күтүү;

4) суу пайдалануучулар менен түзүлгөн суу берүүгө келишимдерге ылайык суу берүү;

5) суу берүүгө келишимдерге ылайык суу пайдалануучулардан акы жыйноо;

6) ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын паспорттоштуруу, мамлекеттик кадастрын жүргүзүү жана алардын техникалык деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;

7) мамлекеттик ирригациялык тутумдар тарабынан табигый суу объектилеринен алынган суунун көлөмүн эсепке алуу жана алардан суу пайдалануучуларга суу берүүнүн көлөмүн эсепке алуу;

8) мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн багытталган ирригациялык фонддун жерлерин башкаруу;

9) калктуу конуштардан тышкары айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумдарды, анын ичинен дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бекитүү;

10) ирригациялык фонддун жерлеринде бөлүнгөн тилкелерди белгилөө;

11) каржылоо булактарын, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды көрсөтүү менен максаттуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу;

12) мамлекеттин менчигинде турган каналдарды, коллекторлорду бойлото, суу сактагычтардын жана суу чарба курулмаларынын айланасына коргоочу токой көчөттөрүн тигүү жана аларды өстүрүү;

13) мамлекеттик мелиоративдик кадастрды иштеп чыгуу;

14) ушул Кодекстин 16-главасынын жоболорун ишке ашыруу;

15) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-14)
