# 1-берене. Максаты жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 1-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-1

---

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын калкын суу менен кепилденген, жетиштүү жана коопсуз камсыздоо үчүн суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана республиканын суу фондун сарамжалдуу өнүктүрүүнү камсыздоо чөйрөсүндөгү суу мамилелерин жөнгө салат.

2. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу маселелерине байланышкан мамилелер ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-2)
