# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42907/edition/34110/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028963

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-марты № 156

Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) сынам жыйымынын ставкалары 1-тиркемеге ылайык;

2) Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.

11. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 27-пунктуна ылайык легалдаштырылуучу сынамын алууга жана эн тамгалоого сынам жыйымынын ставкасы белгиленсин:

1) ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү алтын, платина жана палладий зер буюмдары жана башка баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү алтын, платина жана палладий зер буюмдары, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдун 1 даанасы үчүн 10,0 сом өлчөмүндө;

2) ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү күмүш зер буюмдары жана башка баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү күмүш зер буюмдары, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдун 1 даанасы үчүн 8,0 сом өлчөмүндө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 29 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев

1-тиркеме

Сынам жыйымынын ставкалары

№

Жумуштардын аталышы

Ченөө бирдиги

Ставканын өлчөмү (сом)

1

Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдардын сынамын алуу жана эн тамгалоо:

1) ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү зер буюмдар, анын ичинде оңдоодон (реставрациялоодон) кийин:

- алтын, платина, палладий;

1 даана

17,0

- күмүш.

1 даана

12,0

Саат корпустары:

- алтын, платина, палладий;

1 даана

94,0

күмүш;

1 даана

44,0

2) чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдар:

- алтын, платина, палладий;

1 даана

34,0

күмүш;

1 даана

24,0

Саат корпустары:

- алтын, платина, палладий;

1 даана

114,0

күмүш

1 даана

54,0

2

Зер жана башка эритмелерде баалуу металлдардын камтылышына химиялык метод менен анализ жүргүзүү

1 анализ

550,0
