# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 304-т (2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжа- сында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 304-т (2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжа- сында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19533/edition/34095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 304-т (2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжа- сында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028951

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 17-апрели № 304-т

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияны ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 304-т тескемеси менен жактырылган

2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясынын (мындан ары - Конвенция) максаты медиациянын натыйжасында түзүлгөн тынчтык макулдашууларды таануу жана аткаруу үчүн натыйжалуу жана универсалдуу механизмди камсыз кылуу болуп саналат. Конвенцияга кошулуу эл аралык коммерциялык жана башка талаш-тартыштарды чечүүнүн, эл аралык сооданы жана инвестицияларды жеңилдетүүнүн, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү аркылуу тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөнүн ыкмасы катары медиацияга ишенимди арттырууга багытталган. Конвенция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Конвенцияга кошулуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене. 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына төмөнкүдөй эскертме менен кошулсун: "Конвенциянын 8-беренесинин 1-пунктунун b) пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасы тынчтык макулдашуунун тараптары Конвенцияны колдонууга макул болгон деңгээлде гана Конвенцияны колдонот". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык эскертме менен жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
