Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжа- сында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-апрели № 304-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияны ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 304-т тескемеси менен жактырылган
2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясынын (мындан ары - Конвенция) максаты медиациянын натыйжасында түзүлгөн тынчтык макулдашууларды таануу жана аткаруу үчүн натыйжалуу жана универсалдуу механизмди камсыз кылуу болуп саналат. Конвенцияга кошулуу эл аралык коммерциялык жана башка талаш-тартыштарды чечүүнүн, эл аралык сооданы жана инвестицияларды жеңилдетүүнүн, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү аркылуу тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөнүн ыкмасы катары медиацияга ишенимди арттырууга багытталган. Конвенция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Конвенцияга кошулуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене. 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулар жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына төмөнкүдөй эскертме менен кошулсун: "Конвенциянын 8-беренесинин 1-пунктунун b) пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасы тынчтык макулдашуунун тараптары Конвенцияны колдонууга макул болгон деңгээлде гана Конвенцияны колдонот". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык эскертме менен жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021