# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июну № 375 "Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген жер участогун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июну № 375 "Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген жер участогун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 375
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42895/edition/34080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-июну № 375 "Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген жер участогун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому (28.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 28-июну № 375

Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген жер участогун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы № 324 – № 328 чек ара чекиттеринин ортосунда жайгашкан аянты 198,44 га жер участогу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине белгиленген тартипте кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте:

1) бир айдын ичинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун инвентаризациялоону жана мамлекеттик менчик укугун мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын административдик чегинин картасын жана баяндамасын даярдасын;

3) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесси аяктагандан кийин жерди эсепке алуу документтерине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга берүүнү;

2) мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга берилген жер участогун анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну;

3) ушул токтомду ишке ашырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте жүзөгө ашырууну.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн административдик аймагынын кеңейгендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
