# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96 "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96 "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10891/edition/34046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96 "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" (22.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028907

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө

Маданият жана искусство жаатындагы жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
