Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) өз убагында каттабагандыгы үчүн туумдарды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 187 токтомуна)
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) өз убагында каттабагандыгы үчүн туумдарды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Бул Нускама "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 7-статьясынын 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн туумдарды эсептөө жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Бардык юридикалык жана жеке жактар кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) милдеттүү мамлекеттик каттоо үчүн кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушун, өтүшүн, токтотулушун жана чектелишин ырастаган укук белгилөөчү документтерди берүүгө милдеттүү, алар Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык мындай документтер түзүлгөн учурдан тартып отуз күндөн кечиктирилбестен милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш.
3. Туумду эсептөө жергиликтүү каттоо органы тарабынан милдеттүү каттоо үчүн мыйзамда белгиленген отуз күндүк мөөнөттүн акыркы күнүнөн кийинки күндөн тартып жүргүзүлөт.
4. Туум кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү каттоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмүнүн 0,09 пайызы өлчөмүндө кечиктирилген ар бир күн үчүн эсептелет.
Ошол эле учурда эсептелген туумдун жалпы суммасы каттоо үчүн төлөмдүн өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Туум юридикалык жана жеке жактар же укук ээси жеке өзү же арыз берүүгө укуктуу адам тарабынан каттоого арыз берилгенде төлөнөт.
6. Туумдарды алуудан алынган каражаттар республикалык бюджетке түшөт.
7. Туум бөлүнүп төлөнбөйт.
8. Эгерде туумду эсептөөдө эсептик ката кетирилип, анын натыйжасында төлөнүүгө тийиш болгон туумдун суммасы аз болуп калса, юридикалык же жеке жак кошумча төлөөгө милдеттүү.
9. Эгерде эсептик катанын натыйжасында туумдун суммасы көбөйтүлсө, ашыкча төлөнгөн сумма арыз ээсине кайтарылып берилет.
10. Эгерде туумду эсептөөдө эсептик ката арыз ээси жергиликтүү каттоо органынын имаратынан чыгып кеткенден кийин табылса, анда анын дарегине туумдун ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү же аны кошумча төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү каттоо органына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
11. Туумду төлөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо үчүн акы төлөө боюнча милдеттенмелерди алып салбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелинин № 187 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) өз убагында…Постановление · 09.04.2025 · № 187