# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42795/edition/33914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028784

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-апрели № 193

Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
