# Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-майындагы №80 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-майындагы №80 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42609/edition/33709/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-майындагы №80 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028595

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин V111 чакырылышынын кезекcиз 1Х сессиясы

2025-жылдын 19-майы № 80 Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-майындагы №243 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр 827-Ош/2024 сандуу, Кара-Булак айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планы бекитилсин.

Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго жүктөлсүн.

3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров
