# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10890/edition/33680/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө" Жарлыгы (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028560

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө

Дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, аталган багыттардагы маселелерди комплекстүү чечүү боюнча топтолгон оң тажрыйбаны эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функцияларын 14 бирдиктеги баштапкы штаттык саны, ошондой эле тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыкты ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 3, 4 жана 7-пункттары;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
