# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230028546/edition/33659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (03.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028546

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 3-июну № 305

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 430-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын башкы дирекциялары Кыргыз Республикасынын кызыкдар жактарына жана ведомстволоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтому тууралуу маалымдасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып чыгууда, анын ичинде аларды эркин экономикалык зоналардын субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган товарлардын ТИЗМЕГИ

№

ЕАЭБ ТЭИ ТН

Позициянын атылышы

1

8711900000

Башкалар (башка мотоциклдер (анын ичинде мопеддер) жана көмөкчү кыймылдаткычы бар велосипеддер, коляскасы бар же жок; коляскалар)
