# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги №34 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги №34 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42557/edition/33640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги №34 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө (16.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028523

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 16-апрели № 34 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Кара-Суу-Ош темир жолунун 22-чакырымынын ПК-1 аркылуу Т.Турсунбаева көчөсү менен байланышкан темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №21 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Кара-Суу-Ош темир жолунун 22-чакырымынын ПК-1 аркылуу Т.Турсунбаева көчөсү менен байланышкан темир жол корголмосун мамлекеттик менчикке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т. Баетов
