# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5563/edition/33624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (11.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 11-июну № 116

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505/st-1)

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 55-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат.";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

2) 452-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505/st-2)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын: "27) Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзүүгө жана белгиленген тартипте башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берүүгө.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 21-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
