# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 "Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 "Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42541/edition/33605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 "Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028494

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 21-майы № 269

Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 28-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Индустриялык парктар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом ишке тартылган мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
