# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрели № 194 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрели № 194 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42550/edition/33590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрели № 194 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-апрели № 194

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык) Суу ресурстарын башкаруу маселелерин оперативдүү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 13-пунктта "суу менен камсыздоо боюнча геологиялык чалгындоо жана гидрогеологиялык жумуштарды аткаруу" деген сөздөр "издөө-чалгындоо жумуштарын аткаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 14-пункттун 5-пунктчасында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пунктта:

- 1-пунктчанын жетинчи абзацында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;

4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
