Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында шилтеме ченемдерди эске алуу менен Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ББ/ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-майы № 404-т Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында шилтеме ченемдерди эске алуу менен Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ББ/ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик:
1) 2025-жылдын 30-августуна чейинки мөөнөттө 1-8-тиркемелерге ылайык ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин шилтеме ченемдерине шайкеш келтирүү үчүн иштин жөнгө салынуучу чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзсүн;
2) 2026-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө ушул пункттун 1-пунктчасынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын белгиленген тартипте иштеп чыгууну жана кабыл алууну камсыз кылсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул тескеменин 1-пунктун аткаруу боюнча маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Администрациясына ушул тескеменин 1-пунктун аткаруу боюнча жалпыланган маалымат берип турсун.
4. Бул тескеменин өз убагында аткарылышы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеси (ишке ашыруу үчүн жооптуу - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ченемдерине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдеринин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Дандын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 015/2011)
1
4-берененин 4-пункту
Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана ушул техникалык регламенттин 2, 4, 6-тиркемелеринде көрсөтүлгөн пестициддердин таасир этүүчү заттарынын калдык саны жол берилген деңгээлдерден ашып кетсе, данды Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагына жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбейт
2
4-берененин 5-пункту
Данды өндүрүүдө колдонулган жер семирткичтер Бажы бирлигинин мыйзамдарындагы талаптарга шайкеш келип, ал эми Бажы бирлигинин тийиштүү техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарындагы талаптарга шайкеш келиши керек
3
4-берененин 6-пункту
Данды ушул техникалык регламентте белгиленген сактоо процесстеринин талаптары, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдарында белгиленген сактоо шарттары сакталып, анын коопсуздугун жана керектөөчүлүк касиеттеринин сакталышын камсыз кылган дан сактоочу жайларда дан сакталат
2. "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 021/2011)
4
11-берененин 6-пункту
Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) менен байланышкан иште эмгектенген жумушчулар жана аны аткарган учурда жумушчулардын азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана (же) тамак-аш продукциясы менен түздөн түз контактта болгон шартта, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, жумушка алып жаткан учурда милдеттүү алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өтүп турат
5
12-берененин 2-пункту
Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган ар кандай агрегаттык абалдагы суу төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек:
1) тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган жана азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана таңгактоочу материалдар менен түздөн-түз контактта болгон суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга карата талаптарга шайкеш келиши керек;
2) тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган жана азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана таңгактоочу материалдар менен түздөн-түз контактта болгон буу тамак-аш продукциясынын булгануу булагы болуп саналбашы керек;
3) тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) колдонулган муз Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга шайкеш келген ичүүчү суудан даярдалышы керек
6
14-берененин 2-пункту
Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) ишке ашырылган өндүрүштүк имараттар төмөнкүдөй жабдылышы керек:
1) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин белгиленген мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген табигый же жасалма жарык кылуу
7
17-берененин 6-пункту
Транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрү жана контейнерлер туруктуу негизде тазаланып, мезгили менен жууп, дезинфекциялоодон өтүп турушу керек, бул транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрү жана контейнерлер продукциянын булгануу булагы болуп калбашы үчүн зарыл. Транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрүнүн жана контейнерлердин ички бетин жуу үчүн колдонулган суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга ылайык келиши керек
8
17-берененин 10-пункту
Тамак-аш продукциясын сактоо, ташуу (транспорттоо) жана сатуу менен байланышкан иште эмгектенген жана аны аткарган учурда жумушчулардын азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана (же) тамак-аш продукциясы менен түздөн түз контактта болгон шартта, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, жумушка алып жаткан учурда милдеттүү алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өтүп турат
9
18-берененин 2-пункту
Ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын жаныбарларга тоют катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим мамлекеттик ветеринардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдар же ветеринария жаатындагы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктуу жактар тарабынан кабыл алынат
10
18-берененин 8-пункту
Ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын, анын ичинде жарактуу мөөнөтү аяктаган тамак-аш продукциясын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу боюнча утилдештирүү учурунда өндүрүүчү жана (же) импорттоочу жана (же) сатуучу утилдештирүү жөнүндө жазма буйрук чыгарган мындай мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органына бул тамак-аш продукциясы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте утилдештирүү фактысын тастыктаган документти көрсөтүүгө милдеттүү
11
19-берененин 3-пункту
Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Бирликтин ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык союла турган малдын абалы алардан алынган азыктарды тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүндүк берген тамак-ашка жарамдуу жаныбарларды тамак-аш максатында пайдалануу үчүн союуга жол берилет
12
19-берененин 6-пункту
Суудагы биологиялык ресурстарды кармоону кошпогондо, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн арналган жаныбарлардан алынган башка иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки зат Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Бирликтин ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык мындай чийки затты тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүндүк берген союуга жарамдуу жаныбарлардан алынууга тийиш
13
30-берененин 3-пункту
Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын тариздөө Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле ветеринардык-санитардык чаралар боюнча Бажы бирлигинин макулдашуусуна ылайык жүргүзүлөт
14
31-берененин 7-пункту
Өндүрүштүк объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө өндүрүштүк объекттерди каттоо боюнча орган катталып жаткан өндүрүштүк объекттердин ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигине текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Текшерүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат
15
37-берененин 1-пункту
Чарба ишинин катышуучусу ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча органга мындай тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишинин башталышы жөнүндө арызы жибергенден кийин тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин баштоого укуктуу
16
37-берененин 2-пункту
Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин жүргүзүп жаткан өндүрүштүк объекттерге эсеп жүргүзөт
17
37-берененин 3-пункту
Ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин жүргүзүп жаткан өндүрүштүк объекттер жөнүндө маалымат Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик каттоого таандык эмес тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрине киргизилет. Мамлекеттик каттоого таандык эмес тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча өндүрүштүк объекттердин реестри бузулуулардан жана уруксатсыз кирүүдөн корголгон маалыматтардын электрондук базасы формасында жүргүзүлөт. Мындай реестрдин маалыматтары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана күн сайын жаңыланып турган Интернет тармагынын адистештирилген издөө серверине жайгаштырылат
18
38-берене
Тамак-аш продукциясына карата ушул техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль (көзөмөл) жана ага байланышкан тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстери Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат
3. "Тамак-аш продукциясы, аны маркалоо бөлүгүндө" ББ ТР (ББ ТР 022/2011)
19
4-берененин 4.1-бөлүгүнүн 2-пункту
Таңгакталган тамак-аш продукциясынын ушул берененин 4.1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жана жазуу түрүндө түшүрүлгөн маркалоосу орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тийиштүү талаптар болсо, ушул берененин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш
20
4-берененин 4.2-бөлүгүнүн 2-пункту
Транспорттук таңгакка салынган тамак-аш продукциясынын ушул берененин 4.2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жана жазуу түрүндө түшүрүлгөн маркалоосу орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тийиштүү талаптар болсо, ушул берененин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш
21
4-берененин 4.9-бөлүгүнүн 6-пункту
Тамак-аш продукциясындагы витаминдердин жана минералдык заттардын көлөмү Бирдиктердин эл аралык системасынын (СИ) чоңдук бирдиктеринде (миллиграммдарда же микрограммдарда) же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Бажы бирлигине мүчө мамлекетте колдонууга жол берилген башка чоңдук бирдиктеринде көрсөтүлүүгө тийиш
22
4-берененин 4.10-бөлүгүнүн 2-пункту
Тамак-аш продукциясынын айырмалоочу белгилери, анын ичинде тамак-аш продукциясында ГМОдон (же) ГМОну колдонуу менен алынган компоненттердин жоктугу жөнүндө маалымат бул жарыялоону тамак-аш продукциясынын маркалоосунда көрсөткөн жак тарабынан түзүлгөн же үчүнчү жактардын катышуусу менен алынган далилдер менен тастыкталышы зарыл. Тамак-аш продукциясынын айырмалоочу белгилеринин болушунун далилдери аталган тамак-аш продукциясын Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарган уюмдарда же жеке ишкерлерде сакталууга тийиш жана Бажы бирлигинин мыйзамдары менен каралган учурларда көрсөтүлөт
4. "Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына техникалык регламент" ББ ТР (ББ ТР 023/2011)
23
8-берененин 12-пункту
Бажы бирлигинин жемиштерден жана (же) жашылчалардан жасалган шире продукциясына карата ушул техникалык регламентинин талаптарын сактоону жана аларды өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен байланышкан процесстердин талаптарын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат
5. "Тоң май продукциясына техникалык регламент" ББ ТР (ББ ТР 024/2011)
24
21-берене
Тоң май продукциясы ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн, аны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
6. "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 033/2013)
25
IV бөлүмдүн 10-пункту
Айыл чарба базарларында чийки сүттү адистештирилген транспорттук каражаттардын тамак-аш продукциясы менен контакт болуу үчүн арналган материалдардан жасалган идиштеринен же башка идиштерден керектөөчүнүн идишине куюп сатууда, сатуучулар (юридикалык жактар, жеке ишкер катары катталган жеке жактар жана жеке жактар) керектөөчүлөргө мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ветеринардык-санитардык экспертизанын өткөрүлгөндүгү жөнүндө документтерди көрсөтүүгө, ошондой эле керектөөчүлөргө чийки сүттү сөзсүз кайнатуу керектиги жөнүндө маалыматты жеткирүүгө тийиш
26
ХIV бөлүмдүн 101-пункту
Өндүрүштүк эмес жол менен даярдалган сүттүн жана сүт продукциясынын шайкештигин баалоо (тастыктоо) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат
27
ХIV бөлүмдүн 110-пункту
Сүттүн жана сүт продукциясынын, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстеринин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
7. "Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 034/2013)
28
ХVII бөлүмдүн 58-пункту
Жапайы (чарбалык) өндүрүмдүү жаныбарларды союу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат
29
ХI бөлүмдүн 117-пункту
Бүтүн этти, жарым этти, төрттөн бирин жана бөлүктөрүн маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
а) бүтүн этке, жарым этке жана төрттөн бирине мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга басылат;
б) түздөн-түз бүтүн этке, жарым этке жана төрттөн бирине товар таануучулук эн тамгасын кошумча басууга жол берилет
30
XI бөлүмдүн 118-пункту
Субпродукттарды маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
а) транспорттук таңгакка мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга түшүрүлөт
31
XI бөлүмдүн 119-пункту
Эттен жана субпродукттардан тоңдурулган блокторду маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
а) транспорттук таңгакка мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга түшүрүлөт
32
XV бөлүмдүн 150-пункту
Ушул техникалык регламенттин союлган малдын продукттарына жана эт азыктарына жана алар менен байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
8. "Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 039/2016)
33
II бөлүмдүн 5-пункту
"даярдоочу ыйгарым укук берген жак" - Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте анын аймагында жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак, алар даярдоочу менен, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде Бирликтин аймагында минералдык жер семирткичтердин шайкештигин баалоодо жана жүгүртүүгө чыгарууда ошол даярдоочунун атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырат, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин Бажы бирлигинин аларга карата колдонулбаган техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат
34
VI бөлүмдүн 14-пункту
Минералдык жер семирткичтерди сактоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
35
VII бөлүмдүн 26-пункту
Минералдык жер семирткичтерди маркалоо орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда аймагында минералдык жер семирткичтер сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлөт
9. "Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 040/2016)
36
IV бөлүмдүн 9-пункту
Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүүдө жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген тамак-аш балык продукциялары мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү ветеринардык сертификат жана товарды коштоочу документтер менен коштолот. Мүчө мамлекеттердин ортосунда ташылуучу, ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген же Бажы бирлигинин аймагында өндүрүлгөн жаныбарлардан алынган кайра иштетилген тамак-аш балык продукциялары эпизоотиялык бакубаттыкты ырастаган ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүсүз мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү ветеринардык сертификат менен коштолот
37
IV бөлүмдүн 12-пункту
Ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин ага карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш балык продукциялары, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү өткөн тамак-аш балык продукциялары, ошондой эле менчик ээси тамак-аш балык продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн анын кайдан алынгандыгын ырастай албаган тамак-аш балык продукциясы тамак-аш балык продукцияларынын менчик ээси тарабынан өз алдынча же мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын жазма буйругу менен жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш
38
V бөлүмдүн 14-пункту
Тамак-аш балык продукциялары мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү суу-биологиялык ресурстарынын коопсуздугуна пландуу мониторингдин маалыматтарына ылайык коопсуз уулоо (кармоо) райондорунан жана ветеринардык жактан бакубаттуу чарбалардан (ишканалардан) чыккан аквакультура объекттеринен алынган (кармалган) суу-биологиялык ресурстарынан даярдалууга тийиш. Мониторингдин маалыматтары мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий сайттарында Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына жайгаштырылууга тийиш
39
IV бөлүмдүн 33-пункту
Тамак-аш балык продукцияларын глазирлөө үчүн же глазирлөө үчүн эритмелерди даярдоодо колдонулуучу суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга же ичүүчү суу шайкеш келүүчү микробиологиялык ченемдерге жана гигиеналык талаптарга шайкеш келген таза сууга коюлуучу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш
40
IX бөлүмдүн 72-пункту
Тамак-аш балык продукцияларын маркалоодо камтылган маалымат орус тилинде жана Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциялары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР (022/2011) 4-беренесинин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда аймагында тамак-аш балык продукциясы сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүүгө тийиш
41
IX бөлүмдүн 82-пункту
Тамак-аш балык продукцияларын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо ушул техникалык регламенттин 83-пунктунда көрсөтүлгөн тамак-аш балык продукцияларын өндүрүү процесстерин кошпогондо, ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин ага карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт
42
XI бөлүмдүн 83-пункту
Жаныбарлардан алынган аквакультура жана жаныбардан алынган кармалган суу-биологиялык ресурстарынын тамак-аш продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү процесстеринин шайкештигин баалоо Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жоболоруна ылайык өндүрүш объекттерин мамлекеттик каттоо формасында жүргүзүлөт
43
XI бөлүмдүн 84-пункту
Кызматтарды көрсөтүүдө сатуу үчүн арналган, ошондой эле көрсөтүлгөн тамак-аш балык продукцияларын өнөр-жайлык эмес даярдалган тамак-аш балык продукцияларынын жана тамак-аш ишканаларынын (коомдук тамактануу) тамак-аш балык продукцияларын, ошондой эле баалоо аталган азык-түлүктүк балык продукциясын сатуу процесстеринин шайкештигин баалоо ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө формасында жүргүзүлөт
44
XI бөлүмдүн 85-пункту
Жаныбардан алынган, өнөр-жайлык эмес даярдалган тамак-аш балык продукциясынын ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо ветеринардык-санитардык экспертиза формасында жүргүзүлүшү мүмкүн
45
XIII бөлүмдүн 103-пункту
Тамак-аш балык продукцияларына жана ага коюлуучу талаптарга байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
10. "Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө" ББ БР (ЕАЭБ ТР 051/2021)
46
IV бөлүмдүн 11-пункту
Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүүдө союлган канаттуулардын продукттары мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары берген ветеринардык сертификат жана товарды коштоочу документтер менен коштолот. Мүчө мамлекеттердин ортосунда ташылуучу, ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген же Бажы бирлигинин аймагында өндүрүлгөн канаттуулардын этинен жасалган продуциялар мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүсүз берилүүчү жана жугуштуу оорулардан расмий бошотулган аймактардын эпизоотиялык бакубаттуулугун ырастаган ветеринардык сертификат менен коштолот. Ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон союлган канаттуулардын продукттарынын жана канаттуулардын этинен жасалган продукциялардын ар бир партиясы жөнөткөн өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген ветеринардык сертификаты болгон учурда Бажы бирлигинин аймагына ташып келинет
47
V бөлүмдүн 21-пункту
Союлган канаттуулардын продукттарында жана канаттуулардын этинен жасалган продукцияда бацитрацин, левомицетин (хлорамфеникол) сыяктуу антибиотиктердин жана тетрациклин тобундагы антибиотиктердин болушу Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) талаптарына ылайык контролдонот. Союлган канаттуулардан алынган продукттарда камтылышы союлган канаттуулардан алынган продукттарды Бажы бирлигинин аймагына ташып келүүдө же союлган канаттуулардан алынган продукттарды мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра иштетүү үчүн жеткирүүдө аларды даярдоочу (берүүчү) тарабынан берилүүчү аларды колдонуу жөнүндө маалыматка ылайык контролдонуучу ветеринардык дары каражаттарынын (канаттууларды өстүрүү стимуляторлорунун, микробго каршы жана башка дары препараттарынын) калдык санынын максималдуу жол берилген деңгээлдери тиркемеге ылайык талаптарга жооп берүүгө тийиш
48
IV бөлүмдүн 32-пункту
Тамак-аш максаттарында пайдалануу үчүн абалы мүчө мамлекеттин мыйзамдарына жана ветеринардык-санитардык чаралар жаатындагы Бажы бирлигинин укугун түзгөн актыларга ылайык келген канаттууларды союуга жол берилет. Союу үчүн өндүрүштүк объектке келип түшкөн канаттуу мүчө мамлекеттин мыйзамдарында, ошондой эле ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө Бажы бирлигинин укугун түзгөн актыларда белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык союу алдындагы ветеринардык кароодон өтөт
49
XII бөлүмдүн 43-пункт
Муздатуу процесси аяктагандан кийин канаттуунун бүтүн этин өлчөөнүн каалаган чекитинде минус 1 ºСдан 4 ºСга чейинки температура камсыз кылынууга тийиш. Сууда муздатууда (чөмүлтүү жолу менен) жана (же) суу чачуу жолу менен муздак абада муздатууда канаттуулардын бүтүн этинде микроорганизмдердин көбөйүп кетүү тобокелдигин азайтуу үчүн микробго каршы технологиялык көмөкчү каражаттарды Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар" (ББ ТР 029/2012) техникалык регламентинин талаптарына ылайык колдонууга жол берилет. Канаттуулардын бүтүн этин сууда муздатуунун (чөмүлтүү жолу менен) жана (же) суу чачуу жолу менен муздак абада муздатуунун технологиялык операцияларында мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ичүүчү сууда хлордун жол берилген концентрациясынан ашык активдүү хлорду камтыган эритмелерди колдонууга жол берилбейт. Сууда муздатуунун (чөмүлтүү жолу менен) технологиялык операцияларында муздатуучу ванналардагы канаттуулардын бүтүн этинин кыймылынын багыты мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга карата талаптарга шайкеш келген куюлган суунун багытына карама-каршы болууга тийиш
50
XII бөлүмдүн 114-пункту
Канаттуулардын этин маркалоо ушул техникалык регламенттин 103-108 жана 110-112-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
а) маркалоодо канаттуулардын түрү жана жашы боюнча тобу (мисалы, "индюк", "жөжө индюк"), бүтүн этти иштетүү ыкмасы (мисалы, "ич эти алып салынган", "ичеги-карыны жана моюну менен"), сорту же категориясы, ошондой эле термикалык абалы ("муздатылган", "тоңдурулган") жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
б) таңгакка мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга же анын этикеткадагы сүрөтү түшүрүлөт
51
XIV бөлүмдүн 131-пункту
Канаттуулардын этинен жасалган продукциянын шайкештигин декларациялоодо арыз ээси болуп мүчө мамлекеттин аймагында анын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, даярдоочу же сатуучу (импорттоочу) же болбосо даярдоочу ыйгарым укук берген жак болуп саналган юридикалык жак же жеке жак болушу мүмкүн
52
XIV бөлүмдүн 135-пункту
Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу арыз ээсинин каттоо же эсептик (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар
53
XVI бөлүмдүн 147-пункту
Союлган канаттуулардын продукттарына жана канаттуулардын этинен жасалган продукцияга жана аларга карата талаптар менен байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу (транспортировка), сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
11. "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 031/2012)
54
6-берененин 7-пункту
Документтердин топтому орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болсо мамлекеттик тилде (тилдерде) аткарылууга тийиш
55
5-тиркеменин 9.4.1-пункту
Ушул тиркеменин 9-пунктунун 9.2-пунктчасында каралган маркалоо орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тиешелүү талаптары бар болсо мамлекеттик тилде (тилдерде) аткарылат. Ушул тиркеменин 9-пунктунун 9.2 жана 9.3-пунктчаларында каралган маркалоо үчүн араб цифралары колдонулууга тийиш
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
2-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ТР ченемдерине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдердин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Лифттердин коопсуздугу" ББ ТР (ББ ТР 011/2011)
1
4-берененин 6-пункту
Лифттерди утилдештирүүгө карата коопсуздук талаптары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет
2
6-берененин 3.7-пункту
Лифтти эксплуатациялоого киргизүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
3
6-берененин 4-пункту
Дайындалган иштөө мөөнөтүнүн ичинде лифттин шайкештигин баалоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган (ыйгарым укуктуу) уюм тарабынан 12 айда кеминде бир жолу техникалык күбөлөндүрүү формасында жүзөгө ашырылат
4
6-берененин 5-пункту
Дайындалган иштөө мөөнөтү бүткөн лифттин шайкештигин баалоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган (ыйгарым укуктуу) уюм тарабынан текшерүү формасында жүргүзүлөт
2. "Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 012/2011)
5
4-берененин 8-пункту
Маркалоо жана даярдоочунун техникалык документтери орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамында(дарында) тиешелүү талаптар болгондо, мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде(деринде) аткарылат
3. "Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 016/2011)
6
2-тиркеменин 1-пункту
Газ пайдаланылуучу жабдуунун жеткирилүүчү топтомуна төмөнкүдөй эксплуатациялык документтер кирүүгө тийиш: газ пайдаланылуучу жабдууну монтаждоо, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча нускама жана аны эксплуатациялоо боюнча колдонмо. Аталган документтер орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин(тердин) мыйзамында(дарында) тиешелүү талаптар болгондо, мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде(деринде) аткарылат
7
3-тиркеменин 2-пункту
Газ пайдаланылуучу жабдуунун маркалоосунда камтылган маалымат орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин(тердин) мыйзамында(дарында) тиешелүү талаптар болгондо, мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде(деринде) баяндалат
4. "Жарылуучу заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 028/2012)
8
6-берененин 3-пункту
Жаңы жарылуучу заттарга жана алардын негизиндеги буюмдарга уруксат Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк шарттарда контролдук жана кабыл алуу сыноолору жүргүзүлгөндөн кийин мүчө мамлекеттин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет
5. "Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга коюлуучу талаптар жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 030/2012)
9
3-берененин 3.8.4-пункту
Иштетилген продукцияны жыйноо жана утилдештирүү боюнча иш Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
10
4-берененин 4.4-пункту
Маркалоо даярдоочунун аталышынан жана буюмдун аталышынан, ошондой эле катталган товардык белгиге кирген башка тексттен тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин(тердин) мыйзамында(дарында) тиешелүү талаптар болгондо, аймагында бул продукция керектөөчүгө сатылуучу мүчө мамлекеттин расмий жана мамлекеттик тилинде баяндалууга тийиш. Мазмуну менен тексти толук бирдей болгон шартта чет тилдерди кошумча пайдаланууга жол берилет
11
8-берененин 8.1-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарын сактабоо, ошондой эле продукциянын ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоо жүргүзүү жол-жоболорун бузуу үчүн жоопкерчилик ар бир Тараптын мыйзамдары менен белгиленет
12
8-берененин 8.2-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
6. "Ашыкча басым менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 032/2013)
13
IV бөлүмдүн 28-пункту
Эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик тилдеринде түзүлөт
14
IV бөлүмдүн 34-пункту
Жабдууну эксплуатациялоо эрежелери Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленет
15
VI бөлүмдүн 39-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында ылайык жүргүзүлөт
7. "Отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган көмүрсуутектүү газга талаптар" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 036/2016)
16
III бөлүмдүн 9-пункту
Сапат паспорту мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында суюлтулган көмүрсуутектүү газдар сатылуучу мүчө мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) таризделет
17
IV бөлүмдүн 15-пункту
Суюлтулган көмүрсуутектүү газдарды темир жол, автомобиль, деңиз жана ички суу транспорту менен ташуу, аларды сактоо жана сатуу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
18
IV бөлүмдүн 17-пункту
Бирликтин аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу суюлтулган көмүрсуутектүү газдарды маркалоо даярдоочунун аталышынан жана суюлтулган көмүрсуутектүү газдардын аталыштарынан, ошондой эле катталган товардык белгиге кирген башка тексттен тышкары, орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында суюлтулган көмүрсуутектүү газдар сатылуучу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлөт. Мазмуну жана тексти толук бирдей болгон шартта чет тилдерди кошумча колдонууга жол берилет
19
IV бөлүмдүн 18-пункту
Транспорттук маркалоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде колдонулуучу кооптуу жүктөрдү темир жол, автомобиль, деңиз жана ички суу транспорту менен ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык аткарылат
20
IV бөлүмдүн 20-пункту
Шайкештик жөнүндө декларация Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 76 чечиминде каралган тартипте катталууга тийиш
21
VI бөлүмдүн 33-пункту
Суюлтулган көмүрсуутектүү газдарды утилдештирүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
22
VIII бөлүмдүн 38-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
8. "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 038/2016)
23
I бөлүмдүн 6-пунктунун 2-абзацы
Ушул техникалык регламент күчүнө киргенге чейин жасалган жана эксплуатациялоого киргизилген аттракциондорду эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгү жана шарттары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен аныкталат
24
III бөлүмдүн 11-пункту
Аттракциондорду идентификациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
в) мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан - ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүүдө
25
V бөлүмдүн 33-пункту
Аттракциондор Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык аттракциондун жабдуусунун иштөөсүнөн келип чыккан өрт же ысып кетүү коркунучу жок болгондой долбоорлонууга тийиш
26
V бөлүмдүн 57-пункту
Аттракциондун эксплуатациялык документтери орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында аттракцион эксплуатациялануучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылат
27
VI бөлүмдүн 76-пункту
Ушул техникалык регламенттин 75-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат табличкасындагы маалыматтар аттракциондун бардык иштөө мөөнөтүнүн ичинде так жана жакшы айырмалануучу сүрөттөлүштү камсыз кылуучу кандай гана болбосун ыкма менен түшүрүлүшү мүмкүн. Табличка орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында аттракцион сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылууга тийиш
28
VII бөлүмдүн 77-пункту
д) эгерде аттракцион фундаментке монтаждалып (чогултулуп, орнотулуп) жатса, анда фундаменттин коопсуздугу аттракционду монтаждоого (чогултууга, орнотууга) чейин ырасталууга тийиш. Фундаменттер мүчө мамлекеттин курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келиши керек
29
VII бөлүмдүн 78-пункту
Аттракциондорду эксплуатациялоого киргизүү мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
30
VII бөлүмдүн 79-пункту
в) аттракциондун кире беришине ден соолугунун абалы, курагы, бою жана салмагы (эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса) боюнча аттракционду пайдаланууга чектөөлөр жөнүндө маалыматты жайгаштыруу керек. Маалымат орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында аттракцион эксплуатациялануучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түзүлөт
31
VIII бөлүмдүн 90-пункту
Калдык ресурсту баалоо техникалык абалын баалоонун (техникалык күбөлөндүрүүнүн) алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн (эгерде бул мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса)
32
XV бөлүмдүн 129-пункту
Аттракционду эксплуатациялоого киргизүүнүн алдында каттоо (эсепке коюу) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
33
XVII бөлүмдүн 136-пункту
Аттракциондорго карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
34
5-тиркеменин 27-пункту
Аттракционду эксплуатациялоого же эксплуатациялоого киргизүүгө уруксат берүү (эгерде бул Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралса)
9. "Химиялык продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 041/2017)
35
VII бөлүмдүн 30-пункту
Бажы бирлигинин бажы аймагына жүгүртүүгө чыгарылуучу химиялык продукцияны маркалоо орус тилинде, ошондой эле мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо - аймагында химиялык продукция сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилдеринде түшүрүлүүгө тийиш
36
XI бөлүмдүн 48-пункту
о) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан талаптагыдай лабораториялык тажрыйбанын принциптерине шайкеш келет деп таанылган лабораторияларда (борборлордо) жүргүзүлгөн биоаккумуляцияны, канцерогендүүлүктү, мутагендүүлүктү, уулуулугун аныктоо боюнча химиялык затты изилдөөлөрдүн (сыноолордун) маалыматтарынын (протоколдорунун) көчүрмөсү (ушул техникалык регламент күчүнө кирген датадан 2 жыл ичинде башка лабораторияларда (борборлордо) изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө жол берилет)
37
XII бөлүмдүн 51-пункту
Химиялык продукцияны кабарлоочу мамлекеттик каттоодо жана уруксат берүүчү мамлекеттик каттоодо мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын аймагында бул продукцияны даярдоочулар (даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы), импорттоочулар болуп саналган жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жактар же жеке жактар арыз ээлери боло алат
38
XIV бөлүмдүн 71-пункту
Химиялык продукцияга карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
10. "Балдар ойноочу аянтчаларга арналган жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 042/2017)
39
VI бөлүмдүн 34-пунктунун 2-абзацы
Жабдуунун жана (же) каптоонун таңгагы же тийиштүү товарды коштоочу документтер даярдоочунун аталышын жана (же) анын товардык белгисин, жабдуунун жана (же) каптоонун аталышын жана белгиленишин, курактык тобу жөнүндө маалыматтарды, дайындалган иштөө мөөнөтүн, ага ылайык конкреттүү түрдөгү жабдуу жана (же) каптоо өндүрүлгөн документтин белгиленишин камтууга тийиш. Мындай маалымат орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында жабдуу жана (же) каптоо сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) көрсөтүлөт
40
VII бөлүмдүн 36-пунктунун 28-абзацы
Паспорт орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында жабдуу сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) таризделет
41
VII бөлүмдүн 41-пункту
Жабдууну жана (же) каптоону эксплуатациялоого киргизүү мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
42
VII бөлүмдүн 48-пунктунун 2-абзацы
Жабдууну утилдештирүү өзгөчөлүктөрү мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдары менен белгилениши мүмкүн
43
IX бөлүмдүн 71-пунктунун 2-абзацы
Техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү) жүргүзүү тартиби, ошондой эле техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү) жүргүзүүгө уюмду аккредитациялоо (ыйгарым укук берүү) тартиби Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет
44
XI бөлүмдүн 76-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
3-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ТР ченемдерине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдеринин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (005/2011 ББ ТР)
1
5-берененин 11.3-пункту
Ресурсту үнөмдөө жана айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоо максатында колдонулган таңгак (тыгындоо каражаттары) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте утилдештирилиши керек
2
6-берененин 4-пункту
Маалымат орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) баяндалууга тийиш
2. "Балдарга жана өспүрүмдөргө арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (007/2011 ББ ТР)
3
9-берененин 3-пункту
Продукцияны маркалоо орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, продукция анын аймагында сатылып жаткан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) жазылууга тийиш
4
10-берененин 2-пункту
Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
3. "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (008/2011 ББ ТР)
5
4-берененин 6-пункту
Маркалоо жана оюнчук менен комплектте жеткирилүүчү техникалык документтер Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде аткарылат
4. "Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (009/2011 ББ ТР)
6
9-берене
Мүчө мамлекеттин аймагында 009/2011 ББ ТР талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) Бажы бирлигине бул мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
5. "Адистештирилген тамак-аш продукциясынын өзүнчө түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоочу жана диеталык профилактикалык тамак-аштын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (027/2011 ББ ТР)
7
6-берененин 7-пункту
Тузга жана тузду алмаштыргычтарга йод камтыган кошулмаларды кошуу продукция сатылып жаткан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш
8
12-берененин 1-пункту
Мүчө мамлекеттер Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагында адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде 009/2011 ББ ТР талаптарына ылайык келбеген диетикалык дарылык жана диеталык профилактикалык тамак-ашты жүгүртүүгө чыгарууга жол бербөө, ошондой эле жүгүртүүдөн алып салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү
6. "Тамак-аш кошулмаларынын, ароматизаторлордун жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" ББ ТР (029/2012 ББ ТР)
9
8-берененин 4-пункту
Башка тамак-аш кошулмаларын чекене сатуу (консерванттар: бензой кислотасы (Е210), натрий бензоаты (Е211), калий бензоаты (Е212), кальций бензоаты (Е213), сорбин кислотасы (Е200), натрий сорбаты (Е201), калий сорбаты (Е202), кальций сорбаты (Е203); уксус кислотасынын 9% (ашык эмес) суу аралашмасы (Е260); даамды жана жытты күчөткүчтөр: глутамин кислотасы (Е620), натрий глутаматы (Е621), калий глутаматы (Е622), кальций глутаматы (Е629), гуанил кислотасы (Е626), натрий гуанилаты (Е627), калий гуанилаты (Е628), кальций гуанилаты (Е629), инозин кислотасы (Е630), натрий инозинаты (Е631), калий инозинаты (Е632), кальций инозинаты (Е633), кальцийдин 5'-рибонуклеотиддери (Е634) жана натрийдин 5'-рибонуклеотиддери (Е635)) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат
10
10-берененин 7-пункту
029/2012 ББ ТР талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
7. "Тамеки продукциясына техникалык регламент" ББ ТР (035/2014 ББ ТР) (колдонулбайт)
8. "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (044/2017 ЕАЭБ ТР)
11
II бөлүмдүн 7-пунктунун 3-абзацы
Табигый минералдык суунун дарылык-профилактикалык касиети бар экендигин ырастаган документ - мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген уюм тарабынан берилген, табигый минералдык суунун дарылык-профилактикалык касиеттерин сүрөттөгөн, ошондой эле табигый минералдык суунун курамы, ал алынган жер жөнүндө маалыматтарды камтыган документ (мисалы, бальнеологиялык корутунду, медициналык корутунду, медициналык-клиникалык корутунду ж.б.)
12
VI бөлүмдүн 20-пункту
Табигый минералдык сууну таңгакка куюу үчүн антропогендик таасирден корголгон булактан же скважинадан табигый минералдык сууга киргизилген (ушундай деп таанылган) суу аймагында жерден чыгарылып жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланылууга тийиш
13
VII бөлүмдүн 42-пункту
Дарылоо-профилактикалоо боюнча көрсөткүчтөр жана дарылоочу жана дарылоочу-ашкана табигый минералдык сууларды колдонуу боюнча чектөөлөр табигый минералдык суунун дарылык-профилактикалык касиети бар экендигин ырастаган мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу уюму тарабынан берилген документке ылайык көрсөтүлөт
14
IX бөлүмдүн 65-пунктунун 3-абзацы
Дарылоочу-ашкана жана дарылоочу минералдык сууларды мамлекеттик каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга берилүүчү документтердин курамына мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан берилүүчү жана бардык мүчө мамлекеттер тарабынан кайра таризделбестен жана кошумча изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн таанылуучу дарылоочу-ашкана же дарылоочу минералдык суунун дарылык-профилактикалык касиеттери бар экендигин ырастаган документ кошумча берилет
15
XI бөлүмдүн 70-пункту
Таңгакталган ичүүчү сууга жана ага коюлуучу талаптар менен байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата ушул техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
4-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ТР ченемдерине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдеринин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (001/2011 ББ ТР)
1
I бөлүмдүн 3-пункту
Темир жол кыймылдуу курамын эксплуатациялоого карата кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндөгү талаптар Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин темир жол транспорту жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет
2
V бөлүмдүн 14-пункту
Темир жол кыймылдуу курамын жана анын курамдык бөлүктөрүн долбоорлоодо долбоорлоочу (иштеп чыгуучу) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген адамдын, жаныбарлардын өмүрүнө жана ден-соолугуна жана өсүмдүктөргө зыяндуу жана (же) коркунучтуу таасирдин жол берилген деңгээлин камсыз кылуучу чечимдерди кабыл алат
3
V бөлүмдүн 20-пункту
Темир жол кыймылдуу курамында белгиленген өлчөө бирдейлигин камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү өлчөө каражаттары мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын жана Бажы бирлигинин органдарынын өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш
4
V бөлүмдүн 36-пункту
Жүргүнчүлөрдү, атайын жана кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган локомотивдер жана моторвагондук кыймылдуу курамдын башкы вагондору кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүүчү спутниктик навигация аппараттары менен жабдылууга тийиш. Темир жол кыймылдуу курамынын башка типтерин спутниктик навигациялоо аппаратурасы менен жабдуу зарылдыгы мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет
5
V бөлүмдүн 107-пункту
Маркалоодо жана эксплуатациялык документтерде камтылган текст орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо продукция аймагында сатылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдерде) түзүлөт
6
VI бөлүмдүн 110-пункту
Изилдөөлөрдө (сыноолордо) жана өлчөөдө колдонулуучу өлчөө каражаттары мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын же Бажы бирлигинин органдарынын өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш
2. "Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (002/2011 ББ ТР) (колдонулбайт)
3. "Темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (003/2011 ББ ТР)
7
I бөлүмдүн 2-пункту
Темир жол транспортунун инфраструктурасын эксплуатациялоого карата кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндөгү талаптар Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин темир жол транспорту жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет
8
V бөлүмдүн 14-пункту
Ушул техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерин долбоорлоодо долбоорлоочу (иштеп чыгуучу) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген адамдын, жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна жана өсүмдүктөргө зыяндуу жана (же) коркунучтуу таасир этүүнүн жол берилген деңгээлин камсыз кылуучу чечимдерди кабыл алат
9
V бөлүмдүн 19-пункту
Темир жол транспортунун инфраструктурасынын объекттеринде белгиленген өлчөө бирдейлигин камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү өлчөө каражаттары мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын жана Бажы бирлигинин органдарынын өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш
10
V бөлүмдүн 23-пункту
Темир жол транспортунун инфраструктурасынын объекттерин жана продукцияны долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптары аткарылууга тийиш
11
V бөлүмдүн 25-пункту
Ушул техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерин курууда мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү, жерлерди рекультивациялоо жана аймактарды абаттоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш
12
V бөлүмдүн 34-пункту
Маркалоодо жана эксплуатациялык документтерде камтылган текст орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо продукция аймагында сатылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдерде) түзүлөт
13
VII бөлүмдүн 42-пункту
Курулуш контролу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт
14
VII бөлүмдүн 47-пункту
Изилдөөлөрдө (сыноолордо) жана өлчөөлөрдө колдонулуучу өлчөө каражаттары мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын жана Бажы бирлигинин органдарынын өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш
15
VII бөлүмдүн 130-пункту
Мүчө мамлекеттердин жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү, жерлерди рекультивациялоо жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча долбоордук документтерде каралган иштерди бүтүрбөстөн темир жол транспортунун инфраструктурасынын объекттерин эксплуатацияга берүүгө тыюу салынат
4. "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" ББ ТР (014/2011 ББ ТР)
16
3-берененин 11-пункту
11.2 автомобиль жолдорун долбоорлоодо төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:
д) транспорт инфракструктурасынын объекттерине Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленген эстетикалык, экономикалык, экологиялык жана башка талаптарды, ошондой эле маданий жана тарыхый мурас эстеликтеринин жана курман болгон аскерлердин көмүлгөн жерлерин сактоону камсыз кылуу боюнча ченемдерди жана эрежелерди сактоо
17
3-берененин 11-пункту
11.13 автомобиль жолунун долбоорлоо документтеринде жол төшөлгөсүнүн конструкциясынын кабыл алынган түрү жана жүк көтөрүү мүмкүнчүлүгү берилген интенсивдүүлүктөгү жана курамдагы транспорт агымдарын Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдары менен белгиленген транспорт каражаттарынын учурдагы салмак параметрлерин эске алуу менен ар кандай класстагы жана категориядагы автомобиль жолдору боюнча уруксат берилген ылдамдыкта коопсуз жана үзгүлтүксүз өткөрүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш
18
11-пункттун 3-беренеси
11.24 автомобиль жолдорундагы жол өткөөлдөрүн долбоорлоону жолдордун бул түйүнүндөгү кыймылдын келечектеги интенсивдүүлүгүнө, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген транспорт каражаттарынын туурасы жана бийиктиги боюнча габариттик өлчөмдөрүнө, кесилишкен же чектеш жолдордун классына жана категориясына ылайык жүзөгө ашыруу керек
19
12-пункттун 3-беренеси
Автомобиль жолдорун жана андагы курулмаларды курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
в) курулуш иштери аяктагандан кийин жерлерди туруктуу бөлүп берүү тилкесинин чегиндеги автомобиль жолдору жол-курулуш техникасынан, убактылуу курулмалардан, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын калдыктарынан, убактылуу жол белгилеринен жана көрсөткүчтөрүнөн, ошондой эле башка буюмдардан жана шаймандардан бошотулушу керек, ал эми объектти куруу мезгилинде убактылуу пайдаланууга берилген жерлер Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин жер мыйзамдарына ылайык аларды баштапкы багыты боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирилүүгө тийиш
20
13-пункттун 3-беренеси
13.8 эгерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында башкача каралбаса, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде кыймылды уюштурууга түздөн-түз тиешеси жок жарнамалык же башка маалыматтарды жайгаштырууга жол берилбейт
21
19-пункттун 5-беренеси
Курулуш контролун жүргүзүүдө тийиштүү өлчөө методдорун жана каражаттарын колдонуу менен зарыл болгон изилдөөлөр, сыноолор жана өлчөөлөр жүргүзүлөт. Өлчөө каражаттары, ошондой эле курулуш контролу үчүн пайдаланылуучу методдор өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Курулуш контролунун натыйжалары документтештирилүүгө жана автомобиль жолу же анын участогу пайдаланууга кабыл алынгандан кийин Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде сакталууга тийиш
22
24-пункттун 5-беренеси
24.1 автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо үчүн келип түшкөн жол-курулуш материалдары жана буюмдары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын долбоордук документтердин жана 014/2011 ББ ТР талаптарына ылайык келүүсүнө сыноо жүргүзүү жолу менен кирүү контролунан өтүүгө тийиш
23
25-пункттун 5-беренеси
014/2011 ББ ТР талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл органы тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
5. "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (018/2011 ББ ТР)
24
IV бөлүмдүн 13-беренеси
Жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылуучу, ошондой эле балдарды ташуу үчүн атайын арналган M категориясындагы жана катуу тиричилик калдыктарын жана таштандыларды (таштанды ташуучу унаалар), атайын, коркунучтуу, оор салмактуу жана (же) ири габариттеги жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу N категориясындагы жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттары, ошондой эле оперативдүү кызматтардын транспорт каражаттары спутниктик навигациянын аппаратурасы менен жабдылууга тийиш. Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын конструкциясы аларды аталган аппаратура менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Оперативдүү кызматтардын транспорт каражаттары жана катуу тиричилик калдыктарын жана таштандыларды (таштанды ташуучу унаалар) ташуу үчүн пайдаланылуучу N категориясындагы транспорт каражаттары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте спутниктик навигация аппаратурасы менен жабдылат. Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарын көрсөтүлгөн аппаратура менен жабдуу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
25
IV бөлүмдүн 14-беренеси
Жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууну жүзөгө ашыруучу М2 жана М3 категорияларындагы, жүктөрдү коммерциялык ташууну ишке ашыруучу N2 жана N3 категорияларындагы жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын конструкциясында айдоочулардын кыймылынын, эмгек жана эс алуу режимдерин (тахографтар) сактоосун контролдоонун техникалык каражаттары менен (орнотуу, бекитүү, энергия берүүчү штаттык орундар) жабдуу мүмкүнчүлүгү караштырылууга тийиш
26
IV бөлүмдүн 16-беренеси
Инновациялык транспорт каражаттары пайдаланылган учурда коопсуздук талаптары шайкештикти баалоону жүргүзгөн мүчө мамлекеттин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органынын чечими менен белгиленет. Көрсөтүлгөн жаңы талаптар техникалык регламентке киргизилгенге чейин Бажы союзунун башка мүчө мамлекеттери транспорт каражатынын тибинин жактырылышын жана ушул талаптарга шайкештигин ырастоонун негизинде берилген шассинин тибинин жактырылышын өз аймагында тааныбай коюуга укуктуу
27
V бөлүмдүн 73-беренеси
Эксплуатациядагы транспорт каражаттарына талаптардын аткарылышын текшерүү тартиби жана көлөмү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдары менен аныкталат
28
8-тирке- менин 5.5-пункту
Жай мезгилинде (июнь, июль, август) тайгаланууга каршы тикендүү шиналар менен комплекттелген транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Кыш мезгилинде (декабрь, январь, февраль) ушул тиркеменин 5.6.3-пунктунун талаптарына жооп берген кышкы шиналар менен комплекттелбеген М1 жана N1 категорияларындагы транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Кышкы шиналар көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын бардык дөңгөлөктөрүнө орнотулат. Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мезгилден айырмаланган мезгил мүчө мамлекеттер үчүн мүнөздүү климаттык жана географиялык факторлорго байланыштуу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгилениши мүмкүн
6. "Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (026/2012 ББ ТР)
29
7-пункттун 81-беренеси
Эксплуатациялоо стадиясында шайкештикти баалоо техникалык күбөлөндүрүү жана классификациялоо формасында жүргүзүлөт. Эксплуатациядагы жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо жол-жоболорун жүргүзүү тартиби, ошондой эле эксплуатациядагы жөнгө салуу объекттерине коюлуучу талаптарга шайкештигин ырастоочу документтердин формалары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет
30
9-пункттун 86-беренеси
Бажы союзунун ушул техникалык регламентинин талаптарына ылайык келбеген чакан көлөмдүү кемелер же аларга белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештиги бааланууга (ырасталууга) тийиш болгон буюмдар жана жабдуулар табылган учурда, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин рыногунда продукциянын шайкештигин баалоо (ырастоо) жөнүндө документи жок жана (же) жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркалоосуз келип түшкөн же жүгүртүүдө болгон ар бир Тараптын ыйгарым укуктуу органдары бул продукциянын жүгүртүүгө чыгарылышына жол бербөө, аны Тараптардын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөн алып салуу, ошондой эле бул тууралуу башка тараптарга маалымдоо боюнча чараларды көрөт
31
7-тиркеменин 1-пункту
Чакан көлөмдүү кемелерди классификациялоо жол-жобосу төмөнкүдөй стадияларды камтыйт: техникалык документтерди карап чыгуу жана макулдашуу; чакан көлөмдүү кемелерди курууга (даярдоого), кайра жабдууга, оңдоого, модернизациялоого жана утилдештирүүгө техникалык байкоо жүргүзүү; ар бир чакан көлөмдүү кемени эсептен чыгарууга чейин аны эксплуатациялоонун бардык мезгилинде жүзөгө ашырууну күбөлөндүрүү. Күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашыруунун тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле ушул техникалык регламенттин, эксплуатациядагы чакан кемелердин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтердин формалары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдары менен аныкталат; чакан көлөмдүү кемелердин Бажы союзунун ушул техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө документтерди тариздөө
7. Кыргыз Республикасында "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (052/2021 ЕАЭБ ТР) (колдонулбайт)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
5-тиркеме
Бажы союзунун/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ТР ченемине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтемесинин ченеминин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган көмүрсуутектүү газга талаптар" ББ ТР (036/2016 ББ ТР)
1
III бөлүмдүн 9-пункту
Сапат паспорту Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда аймагында суюлтулган көмүр суутек газдары сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) таризделет
2
IV бөлүмдүн 15-пункту
Суюлтулган көмүр суутек газдарын темир жол, автомобиль, деңиз жана ички суу транспорту менен ташуу, аларды сактоо жана сатуу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
3
IV бөлүмдүн 17-пункту
Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүүгө чыгарылган суюлтулган көмүр суутек газдарын маркалоо орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тийиштүү талаптар болгон учурда, даярдоочунун аталышын жана суюлтулган көмүр суутек газдарынын аталыштарын, ошондой эле катталган товардык белгиге кирген башка текстти кошпогондо, аймагында суюлтулган көмүр суутек газдары сатылган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) коюлат. Мазмуну жана тексти толук окшош болгон шартта чет тилдерди кошумча пайдаланууга жол берилет
4
IV бөлүмдүн 18-пункту
Транспорттук маркалоо мүчө мамлекеттерде колдонулуучу темир жол, автомобиль, деңиз жана ички суу транспорту менен коркунучтуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык аткарылат
5
IV бөлүмдүн 33-пункту
Шайкештик жөнүндө декларация Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 76 чечиминде каралган тартипте катталууга тийиш
6
VI бөлүмдүн 20-пункту
Суюлтулган көмүр суутек газдарын утилдештирүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
7
VIII бөлүмдүн 38-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
2. "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган нефтинин коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (045/2017 ЕАЭБ ТР)
8
III бөлүмдүн 7-пункту
Паспорт орус тилинде жана Бирликке мүчө мамлекетинин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында мунай сатуу жүзөгө ашырылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) таризделет
9
VI бөлүмдүн 15-пункту
Мунайдын ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо арыз берүүчү (жеке ишкер катары катталган жеке жак же юридикалык жак), Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында анын мыйзамдарына ылайык катталган, мунайды даярдоочу (өндүрүүчү) же сатуучу (анын ичинде импорттоочу) болуп саналган, же болбосо мунайды даярдоочу (өндүрүүчү) ыйгарым укук берген жак тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттеринин ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген өлчөө каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат
3. "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (046/2018 ЕАЭБ ТР)
10
V бөлүмдүн 13-пункту
Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын партиясынын коштоочу документтери орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болгондо, аймагында бул партия жүгүртүүдө турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдерде) түзүлөт
4. "Суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык кубур түтүктөргө карата талаптар тууралуу" ББ ТР (049/2020 ЕАЭБ ТР)
11
III бөлүмдүн 8-пункту
Магистралдык өткөрүү түтүк объекттерин эксплуатациялоого киргизүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат
12
IV бөлүмдүн 14-пункту
Калктуу конуштардын аймактарында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, ичүүчү суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зоналарында магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү жайгаштыруу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
13
IV бөлүмдүн 36-пункту
Магистралдык өткөрүү түтүктөрүн, же болбосо анын объекттерин куруунун (реконструкциялоонун) долбоордук документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
14
IV бөлүмдүн 37-пункту
Магистралдык өткөрүү түтүк объекттерин курууда (реконструкциялоодо) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо, жерлерди рекультивациялоо жана аймактарды абаттоо, калдыктар менен иштөө боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш
15
IV бөлүмдүн 41-пункту
Газ өлчөөчү станциялардын жана суюк көмүрсуутектерди кабыл алуу-тапшыруу пункттарынын курамына кирген же магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн кайтарылуучу зоналарын жана анын курамына кирбеген объекттерден, имараттардан жана курулмалардан магистралдык өткөрмө түтүктөргө чейинки минималдуу аралыкты аныктоодо колдонулуучу өлчөө каражаттары жана техникалык системалар жана өлчөө функциялары бар түзүлүштөр, ошондой эле өлчөө методикалары (методдору) өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мамлекеттик метрологиялык контролдоо (көзөмөлдөө) объекттери болуп саналат жана аймагында алар колдонулган мүчө мамлекеттин өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык белгиленген милдеттүү метрологиялык жана техникалык талаптарга жана өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы Бажы бирлигинин укугуна шайкеш келүүгө тийиш
16
IV бөлүмдүн 44-пункту
Магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн корголуучу зонасын пайдалануу шарттары жана кызыкдар жактардын өз ара аракеттенүү тартиби Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен аныкталат
17
IV бөлүмдүн 51-пункту
Магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоонун формаларын колдонуу тартиби Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет
18
IV бөлүмдүн 52-пункту
Шайкештикти баалоону жүргүзүүдө өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мамлекеттик метрологиялык контролдоо (көзөмөлдөө) объекттери болуп саналган жана аймагында алар колдонулган мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленген милдеттүү метрологиялык жана техникалык талаптарга, ошондой эле өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштердин натыйжаларын өз ара таануу бөлүгүндө өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы Бажы бирлигинин органдарынын актыларынын жоболоруна шайкеш келген өлчөө каражаттары жана өлчөө методикалары (методдору) колдонулат
19
IV бөлүмдүн 54-пункту
Курулушу (реконструкциясы) аяктагандан кийин магистралдык өткөрмө түтүктү (магистралдык өткөрмө түтүк объектин) кабыл алуу мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө да, өзүнчө кезектери менен да жүргүзүлөт жана магистралдык өткөрмө түтүктү (магистралдык өткөрмө түтүк объектин) кабыл алуу актын тариздөө менен бүткөрүлөт
20
IV бөлүмдүн 57-пункту
Долбоордук документтерге шайкеш келбестиктери четтетилбеген, ошондой эле аймагында магистралдык өткөрмө түтүк (магистралдык өткөрмө түтүк объекти) жайгашкан мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык долбоордук документтерде каралган иштер бүткөрүлбөгөн магистралдык өткөрмө түтүктү (магистралдык өткөрмө түтүк объектин) кабыл алууга жана пайдаланууга берүүгө тыюу салынат
21
2-тиркеменин 10-пункту
Ушул Тартипте көрсөтүлбөгөн объекттерден, имараттардан жана курулмалардан магистралдык өткөрмө түтүктөргө чейинки минималдуу аралык Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык белгиленет
22
2-тиркеменин 11-пункту
Ушул Тартипте көрсөтүлгөн магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн курамына кирбеген объекттерден, имараттардан, курулмалардан курулуп жаткан магистралдык өткөрмө түтүктөргө чейинки же кысталган шарттардын (жаратылыш факторлору, өнүккөн социалдык, өндүрүштүк жана транспорттук инфраструктура) натыйжасында ушул Тартипте көрсөтүлгөн магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн курамына кирбеген бул объекттерден, имараттардан, курулмалардан иштеп жаткан (анын ичинде токтотулган) магистралдык өткөрмө түтүктөргө чейинки минималдуу аралыкты камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда компенсация кылуучу инженердик-техникалык чечимдерди камсыз кылуу шартында Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн минималдуу аралыктан четтөөгө жол берилет
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
6-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги)
№
ББ/ЕАЭБ ТР ченемине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдеринин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 006/2011)
1
3-берененин 3-пункту
Пиротехникалык буюмдарды сатуу аймагында сатуу жүргүзүлө турган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт, мында техникалык багыттагы пиротехникалык буюмдарды сатуу IV жана V класстагы пиротехникалык буюмдарды жайылтууга лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жак тарабынан жүргүзүлөт
2
4-берененин 1-пункту
Тиричилик багытындагы пиротехникалык буюмдар, эгер алардын кооптуулук классын (чакан классын) төмөндөтүү боюнча башка чектөөлөр Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленбесе, III класстан жогору кооптуулук классына ээ болбойт
3
4-берененин 6-пункту
Пиротехникалык буюмдарды сактоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялык документтердин талаптарына жана өрт (өнөр жай) коопсуздугу эрежелерине ылайык жүргүзүлөт жана пиротехникалык буюмдар бар таңгакка түз күн нурунун жана атмосфералык жаан-чачындын тийүүсүн жокко чыгарат
4
7-берененин 8-пункту
Пиротехникалык буюмдарды эксплуатациялоо процессинде төмөнкүдөй коопсуздук талаптары аткарылат:
а) пиротехникалык буюмдарды эксплуатациялоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өрт коопсуздугу эрежелерине ылайык аныкталуучу, өрт коопсуздугу талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан эксплуатациялык документтердин талаптарына же белгиленген тартипте бекитилген технологиялык нускамаларга (технологиялык процесстерге) ылайык жүргүзүлөт. Пиротехникалык буюмдарды багыты боюнча эмес эксплуатациялоого жол берилбейт
5
4-берененин 10-пункту
10.5 Ушул техникалык регламенттин ушул беренесинин 10.1-10.4-пункттарында каралган маалымат орус тилинде жана даярдоочунун аталышынан жана пиротехникалык буюмдун аталышынан, ошондой эле катталган товардык белгиге кирген башка тексттен тышкары Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамында (мыйзамдарында) тиешелүү талаптар болcо, бул буюм аймагында керектөөчүгө сатыла турган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде түзүлөт. Мазмуну текст менен толук окшош болгон шартта чет тилдерди кошумча пайдаланууга жол берилет
6
9-берененин 1-пункту
Ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан жүзөгө ашырылат
2. "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 019/2011)
7
4-берененин 4.4-пункту
6) кысылган абада (кычкылтекте) дем алуу органдарынын изоляциялоочу жеке коргонуу каражаттарына карата:
кысылган абада (кычкылтекте) дем алуу органдарынын жеке коргонуу каражаттарынын баллондору мүчө мамлекеттин басым менен иштеген идиштерге жана жабдууларга карата мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш
8
4-берененин 4.11-пункту
Маркалоо жана эксплуатациялык документтер орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болсо, аймагында продукция сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылат. Продукциянын соодадагы аталышы, катталган товардык белгиси, товардын тиби, маркасы, модели, артикулу же коду, чет өлкөлүк даярдоочунун аталышы жана анын турган жери латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен түшүрүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда мазмуну текст менен окшош болгон шартта башка тилдерде кошумча маркалоону түшүрүүгө жол берилет
9
4-берененин 4.15-пункту
Дерматологиялык жеке коргонуу каражаттарын маркалоо төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
4) дерматологиялык жеке коргонуу каражаттарынын ингредиенттеринин тизмегинен тышкары маалымат орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болсо, аймагында продукция сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) көрсөтүлүүгө тийиш. Продукциянын соодадагы аталышы, катталган товардык белгиси, товардын тиби, маркасы, модели, артикулу же коду, чет өлкөлүк даярдоочунун аталышы жана анын турган жери латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен түшүрүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда мазмуну текст менен окшош болгон шартта башка тилдерде кошумча маркалоону түшүрүүгө жол берилет
10
5-берененин 5.21-пункту
Жеке коргонуу каражаттарынын ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат
11
5-берененин 5.22-пункту
ББ ТР 019/2011 жоболорун бузууга жол берген даярдоочулар, сатуучулар, чет өлкөлүк даярдоочунун функцияларын аткарган жактар, продукцияны сертификациялоо боюнча органдар жана сыноо лабораториялары (борборлору) аймагында эреже бузуу жасалган мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат
3. "Өрт коопсуздугун камсыздоочу жана өрт өчүрүүчү каражаттарга коюлуучу талаптар жөнүндө" ЕАЭБ ТР (ЕАЭБ ТР 043/2017)
12
III бөлүмдүн 8-пункту
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт өчүрүү каражаттарын идентификациялоо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
в) мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан - ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда
13
V бөлүмдүн 89-пункту
Маркалоо орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болсо, аймагында өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт өчүрүү каражаты сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурда мазмуну текст менен окшош болгон шартта башка тилдерде кошумча маркалоону түшүрүүгө жол берилет
4. "Жарандык коргоого, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонууга арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБ ТР (ЕАЭБ ТР 050/2021)
14
III бөлүмдүн 4-пункту
"Радиоактивдүү булгануу" - жердин бетинде, материалдын ичинде, абада, адамдын денесинде же башка жерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген деңгээлден ашык өлчөмдө радиоактивдүү заттардын болушу
15
V бөлүктүн 36-пункту
в) Авариялык-куткаруу каражаттарынын конструктивдүү аткарылышы, колдонулуучу материалдар, майлоочу майлар, майлар ж.б. зыян келтирүүчү факторлорго дуушар болгондо өрттүн очогунун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн, авариялык-куткаруу каражаттарынын бөлүктөрүндө электр чыңалууларынын пайда болушун, мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген радиациялык коопсуздуктун ченемдерин жана тиешелүү санитардык эрежелердин чектүү жол берилген ченемдерден ашкан параметрлери менен ички иондоштуруучу нурлануунун булактарынын пайда болушун, ошондой эле кооптуу химиялык заттардын бууларынын тейлөө персоналынын жумушчу зонасынын абасында күтүлбөгөн жерден пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек
16
V бөлүктүн 64-пункту
Маркалоо орус тилинде жана эгерде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болсо, аймагында продукция сатылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) түшүрүлүшү керек. Зарыл болгон учурда мазмуну текст менен бирдей болгон шартта маркалоону башка тилдерде кошумча түшүрүүгө жол берилет
17
VI бөлүктүн 66-пункту
Өлчөөчү каражаттарга же техникалык системаларга жана өлчөө функциялары менен түзүлүштөргө киргизилген ушул техникалык регламенттин колдонулушу жайылтылган техникалык жөнгө салуунун объекттери болуп саналган техникалык түзүлүштөр мүчө мамлекеттердин өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мыйзамдарына жана өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында Бажы бирлигинин укугуна ылайык өлчөөлөрдү камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш
18
VI бөлүктүн 70-пункту
Шайкештикти ырастоодо мүчө мамлекеттин аймагында анын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган төмөнкү юридикалык же жеке жак өтүнмө ээлери болуп саналат: сериялуу чыгарылуучу продукция үчүн - даярдоочу (даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам); продукциянын партиясы үчүн (жалгыз буюм) - даярдоочу (даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам), сатуучу (импорттоочу)
19
VI бөлүктүн 71-пункту
Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке адамды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодо ыйгарылган өтүнмө ээсинин каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери тууралуу маалыматтар
20
VI бөлүктүн 73-пункту
Менеджмент системаларын сертификаттоону караган схемалар боюнча сертификаттоо жүргүзүлгөн учурда менеджмент системасын сертификаттоо боюнча иштер анын мыйзамдарына ылайык мүчө мамлекеттин аймагында катталган жана ушул мамлекеттин аккредитациялоо системаларында аккредитацияланган менеджмент системасын сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
7-тиркеме
Бажы бирлигинин /Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеси (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги)
№
ЕАЭБ/ББ ТР ченемине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченеминин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Төмөнкү вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 004/2011)
1
5-берененин 5-пункту
Эксплуатациялоо документтер орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттеринин) мыйзам(дар)ында тиешелүү талаптар болгондо мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылат
2. "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 010/2011)
2
5-берене 11-пункту
Эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзам(дар)ында тийиштүү талаптар болгондо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылат
3
1-тиркеменин 70-пункту
Эгер бардык көрүлгөн чараларга карабастан коркунуч болсо, машина жана (же) жабдуу түшүнүктүү болгон эскертүүчү жазуулар (белгилер) менен жабдылууга жана орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзам(дар)ында тийиштүү талаптар болсо, мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түзүлүүгө тийиш
3. "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелге жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 013/2011) (талап кылынбайт)
4. "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 017/2011) (талап кылынбайт)
5. "Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги" ББ ТР (ББ ТР 020/2011)
4
5-берененин 5-пункту
Эксплуатациялоо документтер орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттеринин) мыйзам(дар)ында тиешелүү талаптар болгондо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) аткарылат
6. "Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 025/2012)
5
5-берененин 7.1-пункту
Бажы бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагында сатылган ар бир эмерек буюму орус тилинде жана анын мыйзамдарында тийиштүү талаптар болгондо - мамлекеттик тилде маркалоосу болууга тийиш. Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагынан сырткары жайгашкан өлкөлөрдөн жеткирилүүчү продукциянын соода аталышы, ошондой эле даярдоочу фирманын аталышы латын алфавитинин тамгалары менен жазылышы мүмкүн
6
6-берененин 10-пункту
Бажы бирлигинин ушул техникалык регламентинин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
7. "Электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттарды колдонууну чектөө жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 037/2016)
7
V бөлүктүн 13-пункту
Маркалоону түшүрүү жана эксплуатациялоо документтерди түзүү орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда - аймагында продукция сатылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) жүргүзүлөт
8. "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 048/2019)
8
V бөлүктүн 12-пункту
Түзүлүштүн маркаланышы даана, оңой окула турган болууга жана инструментти колдонуу менен ажыратып бөлбөй эле кароо үчүн түзүлүштүн жеткиликтүү жеринде орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, аймагында түзүлүш сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш. Өлчөө бирдиктери, тамгалык товардык белгилер (бар болсо), энчилүү аттар, калктуу конуштардын аталыштары башка тилдерде да келтирилиши мүмкүн
9
V бөлүктүн 14-пункту
Техникалык барак орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талап болгон учурда, аймагында түзүлүш сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) толтурулат. Даярдоочунун аталышы жана товардык белгиси (бар болсо), ошондой эле катталган товардык белгиге (бар болсо) же өнөр жайлык үлгүгө тийиштүү болгон башка маалыматтар, моделдин белгилениши латын алфавитинин тамгаларын пайдалануу менен көрсөтүлүшү мүмкүн
10
V бөлүктүн 15-пункту
Эксплуатациялоо документтери орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талап болгон учурда, аймагында түзүлүш сатыла турган мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) түзүлөт. Өлчөө бирдиктери, тамгалык товардык белгилер (бар болсо), энчилүү аттар, калктуу конуштардын аталыштары эксплуатациялоо документтеринде башка тилдерде да келтирилиши мүмкүн
11
VII бөлүктүн 19-пункту
Түзүлүштүн шайкештиги ырасталганда мүчө мамлекеттин аймагында анын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган даярдоочу, даярдоочу ыйгарым укук берген жак, сатуучу (импорттоочу) болуп саналган юридикалык жак же жеке жак өтүнмө берүүчүлөр болуп саналат
12
VII бөлүктүн 29-пункту
Мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу өтүнмө берүүчүнүн каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар
13
VII бөлүктүн 33-пункту
Ушул техникалык регламенттин түзүлүштөргө карата талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат
14
9-тиркеменин 2-таблицасы
Ысытуу шамдарынын Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү энергия керектөөнүн чектүү жол берилген маанилерине жараша Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленет
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
8-тиркеме
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеги (ишке ашырууга жооптуу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик)
№
ЕАЭБ/ББ ТР ченемине шилтеме
ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченеминин мазмуну
Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен)
Эскертүү
1. "Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 047/2018)
1
III бөлүктүн 5-пункту
Шуулдаган шарап жүзүм шампаны тизмеси мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан белгиленген жүзүмдүн сортторунан атайын технология боюнча даярдалган, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 10,5тен 13 пайызга чейин жана бөтөлкөдө көмүртектин диоксидинин басымы 350 кПадан кем эмес 20 °С температурада куюлган шараптын жылчыксыз идиштеринде (вино материалдары) экинчи жолу ачытуунун натыйжасында көмүртектин диоксиди менен каныккан шуулдаган шарап
2
III бөлүктүн 5-пункту
Атайын даярдалган (оңдолгон) суу - алкоголдук продукцияны өндүрүүдө колдонулуучу, товар чыгарылган жердин аталышы корголгон жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте катталган технологияга ылайык кошумча иштетүүдөн өткөн суу
3
III бөлүктүн 5-пункту
Ликер-арак өндүрүшүнүн жарым фабрикаты - спирттүү тундурмалар, спирттүү ширелер, экстракттар, спирттүү морстор түрүндөгү ликер-арак өндүрүшүнүн продукциясынын, ошондой эле мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген колдонуудагы технологиялык документтерге (технологиялык регламенттерге, технологиялык нускамаларга) ылайык даярдалган жыпар жыттуу этил спирттери, кант сиробу жана кант колери
4
III бөлүктүн 5-пункту
Даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген жак - мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте анын аймагында катталган юридикалык жак, ал даярдоочу (анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу) менен келишимдин негизинде алкоголдук продукциянын шайкештигин баалоодо жана жүгүртүүгө чыгарууда ошол даярдоочунун атынан аракеттерди жүргүзөт, ошондой эле алкоголдук продукциянын Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат, мазмуну текст менен толук бирдей болгон шартта
5
V бөлүмдүн 15-пункту
Алкоголдук продукция менен контактта болгон буюмдарды даярдоо үчүн колдонулган материалдар Бажы бирлигинин тиешелүү техникалык регламентинде, ал эми ал жок болгон учурда - мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш
6
VI бөлүмдүн 21-пункту
Алкоголдук продукцияны өндүрүүдө колдонулуучу чийки зат Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келиши керек, ал эми алар жок болгон учурда - мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келиши жана байкоого алынышы керек
7
VI бөлүмдүн 23-пункту
Алкоголдук продукцияны максатка ылайык кийин пайдалануу үчүн кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык кабыл алынат
8
VII бөлүмдүн 30-пункту
Алкоголдук продукцияны маркалоо керектөө таңгагынын ар бир бирдигине окууга ыңгайлуу болгон жерге (этикеткага, арткы этикеткага, жака этикеткасына, биркага ж.б.) коюлат. Алкоголдук продукцияны маркалоо орус тилинде, ал эми мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгондо, ушул техникалык регламентте жана ББ ТР 022/2011 техникалык регламентинде каралган учурларды кошпогондо, аймагында алкоголдук продукция сатылып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) колдонулат
9
X бөлүмдүн 48-пункту
Алкоголдук продукциянын шайкештигин декларациялоодо арыз берүүчү шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин жана маалыматтардын топтомун түзөт жана талдайт, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу арыз ээсинин каттоо же эсепке алуу (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин…Постановление · 25.03.2022 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122