# Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 417-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19528/edition/33520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине) (19.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028403

---

1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине)

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябры № 802-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары.
