# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №43 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №43 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42489/edition/33512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №43 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028398

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 04-июну № 43 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги жалпы аянты 5300,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №30 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги жалпы аянты 5300,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):

-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкени мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү; -Ош шаарынын прокуратурасынын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилгенден кийин Ош шаарынын прокуратурасынын буга чейинки пайдалануудагы эки имаратын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча иш жүргүзүү милдеттендирилсин.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т. Баетов
