Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 43 Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги жалпы аянты 5300,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №30 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги жалпы аянты 5300,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош шаарынын прокуратурасынын имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):
-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкени мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү; -Ош шаарынын прокуратурасынын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилгенден кийин Ош шаарынын прокуратурасынын буга чейинки пайдалануудагы эки имаратын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Т. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37