Ош шаардык кеңешинин Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 41 Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомунун 2-тиремесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №26 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 токтомунун 2-тиркемесиндеги “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети” күчүн жоготту деп табылып, анын ордуна жаңыдан иштелип чыккан “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети” бекитилсин.
2.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 кыргыз тилиндеги токтомунда, анын тиркемелериндеги “сырткы жарнак” деген сөздөр мындан ары “сырткы жарнама” деген сөздөр менен алмаштырылып окулсун.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Т. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 "Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн…Постановление · 25.12.2019 · № 213
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123