# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемеси "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемеси "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 417-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19526/edition/33498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемеси "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу) (27.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 27-майы № 417-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топ (мындан ары – ведомстволор аралык эксперттик топ) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык эксперттик топ жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен биргеликте ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин алкагында мыйзамдарды жана укуктук жөнгө салуу механизмин бюрократиядан арылтуу боюнча өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган ишти уюштурсун жана жүргүзсүн:

1) бюрократиядан арылтууга тийиштүү мыйзамдардын тизмегин даярдоону;

2) тизмекке киргизилген мыйзамдарды бул тескемеде белгиленген критерийлерге ылайыктуулук предметине талдоону;

3) мыйзамдарды бюрократиядан арылтууну караган мыйзам долбоорлорун даярдоону жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүүнү.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ай сайын, 25инен кечиктирбестен мыйзамдарды бюрократиядан арылтуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчет берип турсун.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор:

1) иштелип чыгуучу саясаттын алкагында иштин тиешелүү чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын тизмегин даярдасын;

2) мыйзамдарды жана укуктук жөнгө салуу механизмин бюрократиядан арылтууну ишке ашырууга тартылуучу жооптуу кызмат адамдарынын, анын ичинде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын тизмесин аныктасын жана бул тизмени Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери төмөнкүдөй деп аныкталсын:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бюрократиядан арылтууга мамлекеттик органдардын активдүү катышуусун камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бюрократиядан арылтууга байланышкан маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтөт;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бюрократиядан арылтуу боюнча иштер жана аны жүргүзүү механизмдери жөнүндө калкка жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө маалымдоо боюнча чараларды көрөт.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 274 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
