# Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №39 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №39 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42472/edition/33486/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 04-июнундагы №39 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому (04.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028375

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 04-июну № 39 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаковдун Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2025-жылдын 21-майындагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №53 “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын диспетчердик түйүндөрүнүн жана шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер үчүн франшиза наркын жогорулатуу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы 15 (он беш) деген сан 20 (жыйырма) деген санга өзгөртүлсүн;

- 2-пунктундагы 2925 (эки миң тогуз жүз жыйырма беш) деген сан 3510 (үч миң беш жүз он) деген санга, 2700 (эки миң жети жүз) деген сан 3240 (үч миң эки жүз кырк) деген санга, 2475 (эки миң төрт жүз жетимиш беш) деген сан 2970 (эки миң тогуз жүз жетимиш) деген санга жана 2025 (эки миң жыйырма беш) деген сан 2430 (эки миң төрт жүз отуз) деген санга алмаштырылсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияна (К.Шайиев) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т. Баетов
