6-берене. УИАнын негизги милдеттери
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 2-глава
1. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында УИАнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн, анын ичинде инновациялык илимий изилдөөлөрдүн, илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча иштелмелердин улантуучулук мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана координациялоо;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) стратегиялык мүнөздөгү улуттук жана мамлекеттик илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана ага катышуу;
4) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга илимий жактан консультация берүү;
5) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун эсебинен алынган илимий, илимий-техникалык натыйжаларга мониторинг жүргүзүү, баалоо;
6) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча аспирантура жана докторантура аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды, жогорку квалификациядагы илимий-техникалык кызматкерлерди даярдоо;
7) окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий мекемелерде жогорулатуу;
8) өлкөнү, анын маданиятын социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнү, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий жактан негиздөө;
9) илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы жолдорун аныктоо;
10) ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана механизмдерди иштеп чыгуу;
11) отчеттук мезгилде алынган илимий жетишкендиктерди көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентине илим боюнча ар жылдык улуттук баяндаманы жана анын басылмасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту даярдоо.
2. УИА илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-6" title="6-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>