# 4-берене. УИАнын уставы

- Документ: [2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5561/edition/33473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028363/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 4-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-4

---

1. УИАнын уставы жалпы чогулуш менен кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.

2. УИАнын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу;

2) УИАнын уставын кабыл алуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;

3) УИАнын ишинин предмети, максаттары, негизги милдеттери, багыттары жана принциптери;

4) УИАнын укуктары жана ыйгарым укуктары;

5) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоо механизмдери;

6) Кыргыз Республикасынын Президентине илим жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту берүү тартиби;

7) УИАны, анын уюштуруу түзүмдөрүн башкаруу жана алардын ишин контролдоо тартиби;

8) УИАнын жетекчи органдарынын компетенциясы, түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;

9) УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын курамынан чыгуунун шарттары жана тартиби;

10) УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана жоюу тартиби;

11) УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара иштешүү шарттары.

3. Уставда УИАнын статусунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-5)
