Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. УИАнын уставы
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 1-глава
1. УИАнын уставы жалпы чогулуш менен кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
2. УИАнын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу;
2) УИАнын уставын кабыл алуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;
3) УИАнын ишинин предмети, максаттары, негизги милдеттери, багыттары жана принциптери;
4) УИАнын укуктары жана ыйгарым укуктары;
5) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоо механизмдери;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине илим жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту берүү тартиби;
7) УИАны, анын уюштуруу түзүмдөрүн башкаруу жана алардын ишин контролдоо тартиби;
8) УИАнын жетекчи органдарынын компетенциясы, түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
9) УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын курамынан чыгуунун шарттары жана тартиби;
10) УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана жоюу тартиби;
11) УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара иштешүү шарттары.
3. Уставда УИАнын статусунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын…Постановление · 30.01.2026 · № 47
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 14.06.2016 · № 80
- Министрлер Кабинетинин 30.01.2026-жылдагы №47 ТоктомуПостановление · 30.01.2026 · № 47
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-4" title="4-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>