23-берене. УИАнын мүлкү
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 7-глава
1. УИАнын мүлкү УИАнын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат.
2. Мамлекет УИАга анын уставы менен каралган иште пайдалануу үчүн негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет.
3. УИАга берилген негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор жана мамлекеттик башка мүлктөр алып салынууга жана башка уюмдарга берилүүгө тийиш эмес.
4. УИА өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны УИАнын президиумунун макулдугу менен өз алдынча тескөөгө укуктуу.
5. УИАнын жайларын ижарага берүүдөн же материалдык-техникалык базасын убактылуу пайдаланууга берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
6. УИА ага ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик менчикти УИАнын уставы менен уруксат берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин бардык түрлөрүн, анын ичинде материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү күтүүгө жана анын кызматкерлерин социалдык колдоого алынуучу пайданы колдонуу менен тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-23" title="23-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>