21-берене. УИАнын эл аралык байланыштары
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 6-глава
1. УИА эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык илимий алмашуулардын формаларын жана каражаттарын пайдаланат, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыкдар болгон чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды тартат, уставдык максаттарды чечүү үчүн пайда таппастан атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен белгиленген тартипте алар менен юридикалык жактын статусу жок биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.
2. УИА эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин, Евразия экономикалык бирлигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучу мамлекеттеринин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланышты колдойт жана өз ара тыгыз иштешет, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары, илимий маалыматтар, басылмалар, илимий-изилдөө иштеринин деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатуу методдору менен өз ара пайдалуу негизде алмашууну жүргүзөт, илимий программаларды биргелешип аткарат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-21" title="21-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>