2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) академик - илимий мектеби бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди өлкөдө, жана ошондой эле чет мамлекетте да белгилүү болгон көрүнүктүү илимий эмгектери менен байыткан, УИАнын анык мүчөсүнүн наамы;
2) академиялык өз алдынча башкаруу - башкаруудагы коллегиалдуулуктун, көз карандысыздыктын жана өз алдынчалуулуктун принциптеринин негизинде ишке ашырылуучу, илимий изденүү эркиндигин, изилдөө багыттарын тандоону, жетектөөчү органдарды түзүүнү жана бекитүүнү, ошондой эле мыйзамдар жана устав менен аларга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын алкагында илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин стратегиясын жана тактикасын аныктоону камсыз кылуучу илимий жана илимий-тармактык иштерди башкаруунун уюштуруу-укуктук механизми;
3) илим - жаратылыш, коом жана ой жүгүртүү жөнүндө объективдүү, системалуу уюшулган жана негизделген билимдерди алууга, тактоого жана өндүрүүгө багытталган адам ишмердүүлүгүнүн өзгөчө түрү;
4) илимий прогресс - жаратылыштагы жана коомдогу жаңы кубулуштарды жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү табууга, изилдөөгө жана түшүндүрүүгө мүмкүндүк берүүчү илимий билимдерди өркүндөтүү процесси;
5) илимий-техникалык прогресс - илимди коомдун түздөн-түз өндүргүч күчүнө айландырууга көмөктөшүүчү илим менен техниканын улам алдыга карай өнүгүшү;
6) колдонмо илим - изилдөөлөр жана ачылыштар практикага түздөн-түз, тикелей багытталган билимдердин жыйындысы;
7) УИАнын корреспондент мүчөсү - илимий мектеби жана илимдин доктору илимий даражасы жана профессор илимий наамы бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан УИА мүчөсүнүн наамы;
8) улуттук баяндама - өлкөдөгү илимдин абалы, жетишкендиктери жана өнүгүү келечеги жөнүндө жалпыланган маалыматты камтыган, Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталуучу ар жылдык аналитикалык документ. Баяндама башкаруу органдарын илимий-техникалык саясатты түзүү жана түзөтүү, стратегиялык пландоо жана илимий жана инновациялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аналитикалык негиз менен камсыз кылууга багытталган;
9) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо - илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга багытталган илимий изилдөөлөрдү жөнгө салуунун макулдашуу процесстери жана тартиби;
10) фундаменталдык илим - негиз салуучу кубулуштарга жана гуманитардык илимдерге теориялык жана эксперименталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана аларды жетектөөчү жана формасына, түзүлүшүнө, курамына, түзүмүнө, касиеттерине жана алар менен шартталган процесстердин жүрүшүнө жооптуу мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөөнү туюнткан таанып-билүү тармагы.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2017 · № 672 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-2" title="2-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>