# 16-берене. УИАнын бөлүмдөрү

- Документ: [2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5561/edition/33473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028363/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 16-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-16

---

1. УИАнын бөлүмдөрү ошол бөлүм боюнча тандалган илимдин бир же бир нече тармактары боюнча УИАнын мүчөлөрүн, ошондой эле институттардын жана ошол бөлүмгө кирген башка мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирүүчү илимий жана илимий-уюштуруу борборлору болуп саналат.

2. Бөлүмдөр өз курамында илимий-изилдөө институттарын, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлорду жана башка илимий бөлүмдөрдү камтып турат. Бөлүмдөр фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө багыттарды координациялоо боюнча ишке катышышат.

3. Комплекстүү көйгөйлөрдү иштеп чыгуу үчүн УИАнын бөлүмдөрү илимий мекемелерден алардын курамына кирген да жана кирбеген да ассоциацияларды түзө алышат.

4. УИАнын бөлүмдөрүнүн иштери УИАнын жалпы чогулушу менен бекитилүүчү УИАнын уставы жана УИАнын бөлүмдөрү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-17)
