# 15-берене. УИАнын илимий мекемелери жана бөлүмдөрү

- Документ: [2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5561/edition/33473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028363/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 15-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-15

---

1. УИАнын курамында илимий мекемелер - илимий-изилдөө институттары, илимий, илимий-өндүрүштүк бирикмелер жана борборлор, ошондой эле юридикалык жактар болуп саналган жана УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү уставдардын негизинде иштеген башка түзүмдүк бөлүмдөр бар.

2. Илимий, илимий-техникалык, инновациялык, илимий-уюштуруу, патенттик-лицензиялык, метрологиялык, маалыматтык-басма, чарбалык жана башка ишти камсыз кылуу үчүн УИАнын курамында атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен эксперименттик, тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүшкө киргизүү уюмдары жана мекемелери, илимий тейлөө жана социалдык чөйрөнүн уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, УИАнын уставына жана өздөрүнүн уставдарына ылайык иштөөчү башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар түзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-16)
