# 12-берене. УИАнын жалпы чогулушу

- Документ: [2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5561/edition/33473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028363/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 12-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-12

---

1. УИАнын академиктеринен, корреспондент мүчөлөрүнөн, илимий уюмдарынын жетекчилеринен жана УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулуш УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

2. УИАнын жалпы чогулушу:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;

2) УИАнын академиктерин, корреспондент мүчөлөрүн, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президиумунун мүчөлөрүн шайлоолор жөнүндө жободо аныкталуучу тартипте шайлайт;

3) илим жөнүндө улуттук баяндаманы жана УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту, УИАнын президиумунун отчетторун, УИАнын илимий мекемелеринин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, академиктердин жана УИАнын корреспондент мүчөлөрүнүн отчетторун угат жана бекитет;

4) илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо маселелерин карайт;

5) УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алат.

3. УИАнын жалпы чогулушу жалпы чогулуштун мүчөлөрүнун жарымынан көбү жеке катышкан учурда укуктуу болуп саналат.

4. УИАнын жалпы чогулушунун сессиялары зарылдыгына жараша, бирок жылына экиден кем эмес жолу чакырылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-13)
