# 11-берене. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5561/edition/33473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028363/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 11-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-11

---

1. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) УИАнын башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;

2) жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу же алар уюштуруучу илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттардын УИА тарабынан түзүлүшүнө;

3) УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;

4) өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын курамынан чыгып кетүүгө.

2. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жигердүү катышууга;

2) илимдин жетишкендиктерин практикалык ишке ашырууга жигердүү көмөктөшүүгө;

3) жеке өзү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөр, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ошол иштелмени илимий жетектөө аркылуу илимди жаңы жетишкендиктер менен байытууга;

4) илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;

5) УИАнын президиумуна өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө.

3. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363/st-12)
