# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42460/edition/33457/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (02.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028350

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 2-июну № 310

"Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда жайгашкан мамлекеттик мүлктү толук кандуу жана натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты белгиленген тартипте:

1) "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

2) "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасына анын ишин уюштуруу үчүн 5000000 (беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешине киргизсин;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
