Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 322 токтомуна)
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби (мындан ары - Тартип) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну жана жүзөгө ашырууну аныктайт.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу саламаттык сактоо уюмдарына карата колдонулат.
2-глава
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары
3. Тирүү донордон бөйрөктү трансплантациялоо башка медициналык каражаттар жана методдор натыйжасыз болгон жана бейтаптын (реципиенттин) өмүрүн сактоого же анын ден соолугун калыбына келтирүүгө кепилдик бере албаган учурда гана колдонулушу мүмкүн.
4. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган реципиенттерге бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүү, анын ичинде даярдоо иш-чаралары жана операция жүргүзүү хирургиялык операцияларды жасоонун жалпы эрежелерине ылайык медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдорго/колдонмолорго, регламенттерге жана стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган реципиентке бөйрөктү трансплантациялоонун зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду бөйрөктү трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлеринин консилиуму тарабынан берилет.
6. Тирүү донордон бөйрөктү трансплантациялоо реципиенттин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Мында реципиент алдыдагы операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу оорлошуулар жөнүндө эскертилиши керек.
Эгерде реципиент 18 жашка чыга элек болсо же белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылса, анда мындай трансплантациялоо анын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылат. Тирүү донордон бөйрөктү реципиентке трансплантациялоо анын же ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз өзгөчө учурларда, тиешелүү операцияны кечиктирүү реципиенттин өмүрүнө коркунуч туудурган жана мындай макулдукту алуу мүмкүн болбогон учурларда жүргүзүлөт.
7. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштуруучулук негизди камсыз кылуу максатында бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптардын Бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт.
8. Саламаттык сактоо уюму бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу диагнозу коюлган, бөйрөк трансплантациялоого кайрылган бейтаптарды бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптардын Бирдиктүү реестрине каттайт.
9. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарды Бирдиктүү реестрде жеке эсепке алуу жана аны жүргүзүү боюнча нускама саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
10. Тирүү донордон бөйрөктү алууга жана даярдоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана жол берилет.
11. Тирүү донордон бөйрөгүн алып салууга, эгерде донор реципиент менен генетикалык байланышта турган болсо, жол берилет.
12. Генетикалык байланыш деп ата-бабаларына чейин ата-теги бир адамдардын (ата-энеси, балдары, бир туугандар, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, бабалары, неберелери, чөбөрөлөрү, башка туугандары) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү документтердин негизинде ырасталган туугандык байланышы түшүнүлөт.
13. Потенциалдуу реципиент менен потенциалдуу донордун ортосундагы генетикалык байланышты аныктоо үчүн потенциалдуу реципиент же анын мыйзамдуу өкүлү бөйрөктү трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмуна төмөнкү документтерди берет:
1) потенциалдуу донордун жана потенциалдуу реципиенттин инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
2) потенциалдуу донор менен потенциалдуу реципиенттин ортосундагы туугандык байланышты ырастоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жазма көчүрмөлөрдүн, маалымкаттардын түп нускасы;
3) потенциалдуу донордун органын андан ары трансплантациялоо үчүн алып салууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу, анда анын аракетке жөндөмдүүлүгү, тирүү донор болуу чечиминин ыктыярдуулугу ырасталат.
Документтердин аныктыгы үчүн донор жана реципиент жоопкерчилик тартат.
14. Реципиентке трансплантациялоо үчүн тирүү донордон бөйрөктү алып салууга төмөнкү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) эгерде донор бөйрөктү алып салуу боюнча боло турган операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу оорлошуулар жөнүндө эскертилген болсо;
2) эгерде донор ар тараптуу медициналык текшерүүдөн өткөн болсо жана анын бөйрөгүн трансплантациялоо үчүн алып салуу мүмкүндүгү жөнүндө адис дарыгерлер консилиумунун корутундусу болсо.
15. Бөйрөктү трансплантациялоого макулдугун билдирген донор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо уюмунан бөйрөктү алуу боюнча боло турган операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын ден соолугу үчүн мүмкүн болгон оорлошуулар жөнүндө толук маалыматты талап кылууга;
2) органдардын донорлорунун реестрине киргизүү үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
3) Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында бөйрөктү алып салуу боюнча операциялык кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаментоздук дарыланууга;
4) трансплантациялоого байланыштуу хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга.
16. Тирүү донордон жуп органдарынын биринин жоктугу ден соолуктун туруктуу бузулушуна алып келбеген жуп органдарынын бири трансплантациялоо үчүн алып салынышы мүмкүн.
17. Реципиент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо уюмунан бөйрөктү алуу боюнча боло турган операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын ден соолугу үчүн мүмкүн болгон оорлошуулар жөнүндө толук маалыматты талап кылууга;
2) потенциалдуу реципиенттердин реестрине киргизүү үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
3) Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операциялык кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаментоздук дарыланууга;
4) трансплантациялоого байланыштуу хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга.
18. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда белгилүү болгон донор жана реципиент жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Мындай маалыматты ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
19. Эгерде донордун же реципиенттин ден соолугуна ушул Тартипте каралган бөйрөктү алып салуу шартын жана тартибин же болбосо трансплантациялоо шартын жана тартибин бузууга байланыштуу зыян келтирилсе, саламаттык сактоо уюму көрсөтүлгөн адамдардын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
20. Эгерде донордун ден соолугуна бөйрөгүн алып салуу операциясына байланыштуу зыян келтирилсе, ал акысыз стационардык жана (же) амбулатордук дарылоо менен камсыз кылынат.
21. Бөйрөктү трансплантациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) адамдан мажбурлап алып салууга жана адамды өзүнүн органын (бөйрөгүн) берүүгө мажбурлоого;
2) органды (бөйрөктү) сатып алууга-сатууга;
3) жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам болуп саналган тирүү донордон органды (бөйрөктү) алууга.
3-глава. Бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо
22. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операциянын, ошондой эле операциядан кийинки эрте жана кечирээк дарылоонун кызмат көрсөтүүлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
23. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинде бешинчи стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн каралган каражаттар бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияга акы төлөө үчүн Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондуна жиберилет, ошондой эле Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия жана Бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарды бюджеттик диализ алууга которуу боюнча комиссия тарабынан аныкталган көлөмдө операцияга чейин жана андан кийинки дарылоого багытталат.
24. Бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
25. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бөйрөктү трансплантациялоо боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттук формалардын негизинде жүргүзүлөт.
26. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган чет өлкөлүк жарандар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр чет өлкөлүк жарандар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бекитилген баалардын прейскурантына ылайык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акы төлөө негизде ишке ашырылат.
27. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, эгерде реципиент бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кезексиз тартипте алууну кааласа, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшү мүмкүн.
4-глава
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо
28. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырат.
29. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында болуусу, толуктугу жана сапаты;
2) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгы;
3) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү идентификациялык формаларды толтуруу;
4) Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондуна каралган саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинен алынган каражаттарды максаттуу пайдалануу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.