# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42446/edition/33437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230028335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу" токтому (09.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028335

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-июну № 326 Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгынын 3-1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 42 (3698) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
